Флексия

Википедия дан

Флексия (лат. flexio - ийри, бурулуш) –

1) сөз жөндөлгөндө же жакталганда негиздеги же ага жалганган мүчөдөгү өзгөргөн тыбыш аркылуу сөз формаларынын жасалышы (мис., орус тилинде «стол» - «стол-а», «ид-у», «ид-ёшь»).

2) Жөндөлгөндө же жакталганда өзгөрүүгө учуроочу сөз мүчөлөрүнүн же негиздеги тыбыштардын өзү (мис., жогорудагы «-а», «-у», «-ёшь» ж. б.). Сырткы флексия (негизге мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалган грамматикалык форма), ички флексия (негиздин өзүнүн сөздүн уңгусунун өзгөрүп кетиши) деп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9