Флексура

Википедия дан

Флексура (лат. flexura - ийилүү) - тоо тек катмарларынын тепкич сымал ийилген тектоникалык структурасы.

Көтөрүлүп турган (үстүнкү, схемада АБ кесиндиси) жана төмөн түшкөн (астынкы, ВГ) канаттарынын катмарлары бирдей, көпчүлүк учурда горизонталь багытында жайгашат. Ал эки бөлүктү туташтырган ортонку бөлүгүнүн (БВ) катмарлары багытын кескин өзгөртүп (жантаюу бурчу схемада а менен берилди), адатта тик жайгашкан (моноклиналь), чоюлган жана жаракалар менен тилмеленген болот. Үстүнкү жана астынкы канаттардын ортосундагы вертикалдык айырмачылык Флексуранын амплитудасы (бийиктиги, а) деп аталат. Флексуранын узундугу жүздөгөн гсмге, бийиктиги жүздөгөн мден миңден ашуун жге чейин жетет. Ар бир элемент өзүнүн жайгашуу параметри менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4