Флективдүү тилдер

Википедия дан

Флективдүү тилдер - дүйнө тилдеринин морфологиялык классификация боюнча ажыратылган негизги типтеринин бири.

Флективдүү тилдердин негизги өзгөчөлүктөрү: ички флексияга эгедер же үндүү жана үнсүз тыбыштардын фонетикалык жактан шартталбаган алмашуусу (мис; орус тилинде «из-бег-ать» - бүтпөгөн түр, «из-беж-ать» - бүткөн түр); бир эле мүчө менен бир нече грамматикалык маани туюнтулат (мис., орус тилинде «рук-у» - «у» мүчөсү бир эле учурда табыш жөндөмө менен жекелик санды туюнтат); ар кайсы негиздеги бир эле грамматикалык маани ар башка мүчөлөр аркылуу берилет, б. а. бир нече жөндөмөнүн жана жакталуунун болушу (мис; орус тилинде «в стол-е» - «в степ-и»; «ид-ёшь» - «спеш-ишь»): морфемалар грамматикалык жактан да фонетикалык жактан да тыгыз ширелишүү касиетине ээ. Флективдүү тилдерге индевропа тилдери жана семит-хамит тилдери кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4