Флот

Википедия дан

Флот (аскердик) - ири мамлекеттердин АДФтериндеги оперативдүү бирикме.

Ал океанда же деңизде согуш аракетине байланыштуу оперативдүү жана стратегиялык милдеттерди аткарат. Флоттун негизги милдеттери: душмандын жердеги объектилерин, океандагы, деңиздеги коммуникацияларын бузуу, базаларындагы жана деңиздеги Флот күчтөрүн жок кылуу, душмандын деңиз аркылуу кол салуусунан жээкти сактоо, өз коммуникациясын коргоо, деңиз десанттарын түшүрүү, жээктеги жөө аскерлерге жардамдашуу.

Флот ар түрдүү аскер күчтөрүнүн бирикмелеринен, суу астындагы кайыктар, кемелер, деңиз авиациясы, деңиз жөө аскери, жээктердеги ракета-артилл. бөлүктөрдөн турат. Ага командачы жетекчилик кылат. Флот жекече өзү же башка бирикмелер, бөлүктөр менен өз милдеттерин биргелешип аткарат. Мында өлкөлөрдө бирден, ири мамлекеттерде бир нечеден Флот болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.