Флот адмиралы

Википедия дан

Флот адмиралы - СССР Аскер-деңиз флотундагы эн жогорку чин.

Флот адмиралы аскер наамы СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1955-ж. 3-марттагы указы менен киргизилип, Советтер Союзунун Маршалы деген наамга барабар болгон. Советтик аскер жетекчилеринен мындай наам Н. Г. Кузнецовго (1955), И. С. Исаковго (1955) жана С. Г. Горшковго (1967) берилген. СССРдин тарашы (1991) менен жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4