Флуктуация

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Флуктуация (лат. fluctuatio - термелүү) - байкалуучу физикалык чоңдуктардын орточо маанисинен көп жана аз болуп, эки жакка кокусунан четтеши.

Флуктуация кокус факторлорго көз каранды жана статистика методу менен изилденген ар кандай чоңдуктарда болушу мүмкүн. Флуктуациянын сандык мүнөздөмөсү математикалык статистика жана ыктымалдык теориянын методдоруна негизделген. Берилген чоңдуктун Флуктуациясын толук мүнөздөш үчүн анын бөлүнүш законун билүү керек. Көпчүлүк практикалык маселелерде Флуктуация белгилүү чоңдуктан ашпоосу зарыл. Мсиалы, жасалгалардын өлчөмдөрүнүн бири биринен айырмаланышы, өлчөгүч куралдардын нөлдөн жылышы ж. б. Ф. теориясынын негиздери М. Смолуховский менен А. Эйнштейндин эмгектериндө көрсөтүлгөн. Радиоактивдүү ажыроо мезгилиндеги Флуктуация жөнөкөй физикалык Флуктуация болот. Электр тогунун жана чыңалуусунун Флуктуациясы кеңири изилденген. Флуктуация физикалык аппаратуранын сезгичтик чегин аныктоодо ж. б-да кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.