Флуоресценция

Википедия дан

Флуоресценция (биринчи жолу Флуоресценция байкалган флюорит минералынын атынан жана лат. Еscent – начар аракетти билдирүүчү суффикс) – кыска убакытта (~10-8сек) өчүүчү люминесценция. Дүүлүгүү энергиясын кайрадан түзүү механизми боюнча Флуоресценция спонтандык люминесценция болот, ошондуктан анын узактыгы энергиянын дүүлүккөн деңгээлинде болуу убактысы менен аныкталат.

Флуоресценция газдардын атомдорунда жана молекулаларында байкалат. Көпчүлүк органикалык заттар, суюк жана катуу эритмелерде, о. эле кристалл абалда, Флуоресценцияга ээ болот. Флуоресценция спектрлери, анын поляризациясы жана кинетикасы люминесценция борборлорунун же молекулалардын симметриясына жана түзүлүшүнө, алардын өз ара аракеттешүүсүнүн мүнөзүнө, эритменин концентрациясына көзкаранды. Ошондуктан Флуоресценциянын жардамы менен заттардын түзүлүшү жана анда жүргөн физикалык процесстер изилденет. Флуоресценция люминесценттик анализде, сцинтилляция санагычтарында, дефектоскопияда, микробиологияда, медицинада, биофизикада ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]