Флэш-диск

Википедия дан

Флэш-диск, флеш-драйв, флешка эске сактоочу түзүлүш.

Ал компьютерге же USB (ю-эс-би, англ. Universal Serial Bus) интерфейси боюнча окуучу түзүлүшкө туташтырылат. Флэш-диск маалыматты сактоо, ташып жүрүү, көчүрүү, иштетүү системаларын жүктөө ж. б. иштерде колдонулат.

Негизги компоненттери: USB интерфейс - компьютер менен туташтырат; контроллер; NAND-чип - маалыматты сактайт; оциллятор - синхрондолгон сигналды иштетет жана маалымат чыгарууну (берүүнү) башкарат. Өлчөмү - 3-5 см, массасы - 60 гдан аз, маалыматты жок дегенде эле 3-6 ай сактайт. Флэш-диск 2000-ж. АКШда пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4