Флюксметр

Википедия дан

Флюксметр (лат. Fluxus – агым жана гр. Metreo – өлчөймүн, ченеймин) – өлчөөчү катушкада индукцияланган ЭКК боюнча магнит агымынын өзгөрүшүн аныктоочу магнит-электрдик же фотоэлектрдик курал.

Магнит-электрдик Флюксметр магнит-электрдик ченөөчү механизминин кыймылдуу бөлүгү–жеңил рамка каалаган абалда теңсалмактуулукта болгон ченөөчү аспап. Фотоэлектрдик Флюксметр өлчөөчү катушкага туташтырылган кыймылдуу рамкасында күзгүсү бар магнит-электрдик гальванометр. Магнит-электрдик Флюксметрге караганда фотоэлектрдик Флюксметрдин сезгичтиги жогору болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]