Фолкленд согушу

Википедия дан

Фолкленд согушу (1982) - Фолкленд а-дарына (Аргентинада Мальвина деп аталат) көзөмөл жүргүзүү үчүн Улуу Британия менен Аргентинанын ортосунда чыккан согуш.

Фолкленд а-дарын 1690-ж. англ. деңиз саякатчылары, 1694-ж. француздар ачкан. Улуу Британия жана Аргентина мамлекеттери бири-бирине ачык согуш жарыялабаганы менен эки өлкө тең өз максаттарын ишке ашыруу үчүн согуштук аракеттерди жүргүзүшкөн. 1833-ж. Улуу Британия Мальвина а-дарын басып алып, аргентиналыктардын (19-кылымдын башынан бул аралдарды Аргентина өзүнө тиешелүү деп эсептеген) нааразылыгын пайда кылган.

Натыйжада 1982-ж. 2-апрелде Мальвина а-дарына аргентиналык десант түшүрүлүп, кыска убакытка созулган согуштан кийин анда жайгашкан британ горнизонун багындырган. Бул окуядан кийин аралдарды тез арада кайтарып алуу максатында Түштүк Атлантикага британ аскер-деңиз бирикмеси жөнөтүлгөн. Ошондой эле БУУнун Коопсуздук совети аралдардан аргентиналык куралдуу күчтөрүнүн чыгып кетишин талап кылган резолюция кабыл алган. Улуу Британиянын коргоо министри 1982-жылдын 12-апрелинде Фолкленд а-дарын курчоого алып, Аргентинанын соода флотун чөктүрүү жөнүндө чечимин жарыялаган. Фолкленд а-дарында согуштук аракеттер 1982-жылдын 1-майында башталып, британ авиациясы менен согуштук кемелери Аргентина аскерлерин бомбалап, алардын «Генерал Бельграно» крейсерин чөктүргөн. Согуштун жүрүшүндө британ авиациясын Атлантика океанынын борбордук бөлүгүндөгү Вознесения а-нда жайгашкан америкалык согуштук база каржылаган. Согушта Аргентина чоң жоготууларга учураган. 649 жоокер өлүп, 11000 аскер колго түшкөн. 100 самолёт жана вертолёт, бир нечелеген согуш техникалары талкаланган. Согуш Улуу Британиянын жеңиши менен аяктаса да, бирок бүгүнкү күнгө чейин Фолкленд а-дары эки өлкөнүн ортосундагы талаш аймак бойдон калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4