Фонон

Википедия дан

Фонон (гр. phone - үн) - кристаллдар атомунун (ионунун) жана молекуласынын термелүү кыймылынын кванты (квази бөлүкчө).

Орус окумуштуусу И. Тамм тарабынан киргизилген. Кристалл атомунун ортосундагы өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде, алардын термелүүсү толкун түрүндө тарайт жана квазитолкундук вектор (k) менен мүнөздөлөт. Квант механикасына ылайык Фонондун энергиясы e=h(k), квазиимпульсу p=hk формуласы менен аныкталат. Мында, h - Планк туруктуулугу, со - термелүү жыштыгы. Фонон бири-бири менен, башка квази бөлүкчөлөр (электрон, магнон ж. б.) менен, кристаллдын статикалык дефекттери (ваканция, дислокация ж. б.) менен өз ара аракеттенишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4