Формага салуу

Википедия дан

Формага салуу – скульптуралык технологияда – гипс моделинен жана скульптуралык түп нускадан көчүрмө куюу үчүн даярдалган формалар (калыптар). Эгерде скульптуралык материал жумшак (кургай элек) болсо, топурак, май, пластилин жана башкалардан абдан иштелип бүт элек Ф. с. же «бузулуучу» Ф. с. колдонулат. «Бузулуучу» Ф. с. түп нусканы жок кылып, андан жасалган көчүрмөнү сактап калууга эсептелген. Катуу материалдан жасалган скульптураны куюуда көп учурда клей Ф-ны колдонушат. Ал түп нусканы майда деталдарына чейин бере алат жана технологиясы боюнча жөнөкөй болгондуктан, кээ бир башка ыкмалар мүмкүн болбогон жерде да пайдаланылат. Гипстик Ф. деп ыкталган Ф. аз колдонулат, себеби технологиясы татаал, ал эми натыйжасы жетишерлик кынтыксыз эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]