Формфактор

Википедия дан

Формфактор – атомдун, атомдун ядросунун же элементардык бөлүкчөлөрдүн ичинде электр зарядынын же магниттик моменттин бөлүштүрүлүүсүн мүнөздөгөн электр-магниттик функция.

Бул бөлүштү-рүүнүн мүнөзү (анын өлчөмү жана тыгыздыгы) берилген системаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн тиби жана алардын өз ара аракеттешүүсү аркылуу аныкталат. Атомдун Формфактору андагы электрондордун бөлүштүрүүсү аркылуу аныкталат жана бул бөлүштүрүүнүн орточо радиусу 10-8 см. Атомдун ядросунун Формфактору негизинен ядродогу нуклондордун бөлүштүрүүсү аркылуу аныкталат жана анын орточо радиусу ~10-12 см. Учурдагы көзкараш боюнча адрондордун Формфактору алардын ичиндеги «түстүү» кварктардын бөлүштүрүүсү аркылуу аныкталат жана чоңдугу ~10-13 см болгон «түстү» кармоо радиусу менен мүнөздөлөт.

Экспериментте Ф. тиешелүү объект-терден электрондордун (же мюондордун) серпилгичтүү чачыроосу аркылуу ченелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]