Фосфаттар

Википедия дан

Фосфаттар: 1) органикалык Ф. — фосфор, тиофосфор жана селенфосфор кислоталары эфирлери; жалпы формуласы (RО)3РХ, мында R = Н, Аlk, Аr; X = 0,5, Sе ( бул кислоталар ар кандай туундулары да орг. деп так эмес аталат). Биринчилик RОРХ(ОН),, экинчилик (RО)2Р(Х)ОН жана үчүнчүлүк (КО)3РХ болуп айырмаланат. X = О менен бирикмеси кыйла мааниге ээ. Алардын химиялык касиеттери: гидролизденет; алкилдөө жана арилдөө реакцияларына кирет; Р,О5 таасир этүүдөн тиофосфаттарга айланат, жана башка Орг. Ф. спирт же фенолдун РОС13 менен болгон реакциясынан жана фосфит окистенишинен алынат. Ал пластификатор, пестицид, комплекс пайда кылуучу жана жылуулук алып жүрүүчү зат катары колдонулат. 2) органикалык эмес Ф. — фосфор к-тасынын туздары. К-талар сыяктуу эле ортофосфаттарга (анын молекулалары РО43- изоляцияланган тетраэдрде Р. бир атом кармайт) жана конденсацияланган орг. эмес Ф. (анын молекулалары эки же андан көп Р атомун кармап, РО43- тетраэдрин О атому аркылуу бирик-тирүүнүн натыйжасында Р-О-Р байла-нышын түзөт) ажырайт. Бардык жандуу организмдер энергетикасында, ошондой эле көптөгөн биол. активдүү заттар синтезинде чон мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]