Фосфен

Википедия дан

Фосфен (гр. Phos – жарык жана phaino – көрсөтөм, билгизем) – жарык көзгө таасир этпегенде деле адамда көрүү сезиминин (түстүү тактардын, фигуралардын) пайда болушу.

Фосфен өз алдынча жана жабылган көздү кокустан басканда, психотроптуу каражаттар менен борбордук нерв системасына химиялык таасир бергенде, чекеге коюлган электроддор аркылуу көздүн торчосун дүүлүктүргөндө пайда болушу мүмкүн. Мээнин көрүү борборлору дүүлүккөндө адам айланасындагыларды көрбөй, кароо багыты боюнча которулуп кыймылдаган гана жарык тактарын көрөт. Тубаса сокурлар көрбөйт, ал эми көзү көрбөй калгандарда аны дүүлүктүрсө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]