Мазмунга өтүү

Фосфоржерсемирткичтери

Википедия дан

Фосфоржерсемирткичтери негизги азык болуучу элемент катары фосфор алып жүрүүчү заттар. Ф.ж..с. төмөнкүдөй түргө бөлүнөт: сууда эрүүчү, мисалы, суперфосфаттар ; щелочь-цитраттык эриткичте эрүүчү (Петерман реактиви), мисалы, преципитат ; лимон к-тасында эрүүчүлөр, мисалы, мартен фосфатшлактары, фторсуз фосфат, балкып эриген магнийлүү фосфат, кальций балкып эритилген полифосфаты, Ca метафосфаты ; начар эрүүчү, мисалы, фосфорит уну. Сууда эрүүчү Ф.ж.с. бардык өсүмдүктөр үчүн жер кыртышында колдонулат. Сууда эрибеген Ф.ж.с. бардык жер кыртышында колдонулат, бирок аларды үрөн сепкенде кошо берүүгө болбойт. Фосфорит уну кычкыл кыртышка кошулат. Ф.ж.с. өлчөмүн топурактагы фосфор кыймылдуу формасы боюнча аныкташат (жөөк боюнча берүүдө 15-20 кг/га P2O5 эсептегенде). Ф.ж.с. топуракка берилген жылы анын 15-20 % гана өсүмдүктөр тарабынан сиңирилет, бирок кийинки жылдарда өсүмдүктөргө абдан таасирин тийгизет. Айрыкча жаш өсүмдүктөр үчүн Ф.ж.с. өтө пайдалуу. Дүйнө жүзүндө жылына 33 млн т ашык Ф.ж.с. өндүрүлөт (Р2О5 эсептегенде).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]