Фотография

Википедия дан
Фотография (1942).

Фотография (грек. фото... жана...графия) объектилердин көзгө көрүнгөн сүрөттөлүшүн жарык сезгич фотогр. материалдарга (галогендүү күмүштөлгөн жана күмүштөлбөгөн) түшүрүү теориясы жана методдору.[1]

Фотографиянын ак-кара, түстүү, көркөм жана илимий-техникалык (аэрофоторганикалык, микрофоторгр., рентген, инфракызыл ж. б.) түрлөрү бар. Алгач Фотография портреттерди ж. б. нерселердин сүрөттөлүшүн алуу үчүн пайдаланылган. Фотография мүмкүнчүлүктөрү улам кеңейген сайын, ал чечкен маселелер да көбөйдү. Фотография информациянын жана документтүүнүн эң маанилүү каражаты, исквонун эң маанилүү түрүнөн-киноискусствонун техникалык негизи болуп калды.

Полиграфиянын негизги каражаттарынын бири, илим менен техниканын көп тармагында изилдөө жүргүзүүнүн куралы. Фотографиянын жардамы менен чечилүүчү маселелердин өтө ар түрдүү болушу, аны илимдин, техниканын жана искусствонун бөлүмү деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Экилик коддо информацияны («ооба» жана «жок» сигналдарын) оптикалык жазуунун ыкмасы катары Фотография ЭЭМдин оптикалык эске тутуу түзүлүштөрүндө колдонула баштады. Фотографиялык методдор байланышта жана илим менен техниканын түрдүү тармактарындагы көп сандаган процессте кеңири пайдаланылат. Фны негиздөөчүлөр: ойлоп чыгаруучулар Л. Ж. М. Дагер менен Ж. Н. Ньепс (1839, Франция) жана У. Г. Ф. Толбот (1840-1841, Улуу Британия). Биринчи жолу түстүү фотогр. сүрөттөлүштү Л.Дюко дю Орон алган (1868-69, Франция).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Сүрөт түзөтүү программасы аспаптар панели. Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2020.