Фототеодолиттик съёмка

Википедия дан

Фототеодолиттик съёмка - жер бетинен тартылган сүрөттөр аркылуу топографиялык карталарды түзүү ыкмасы.

Мында фотосүрөт фототеодолиттин жардамы менен кандайдыр бир базистин четинен тартылып, стереофотограмметрия жолу менен иштетилет. Негизинен карьерлерди, инженердик курулмаларды жана бийик тоолуу аймактарды картага түшүрүүдө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4