Фотоэлектрдик кубулуштар

Википедия дан

Фотоэлектрдик кубулуштар - электромагниттик нурлануунун таасиринен заттарда пайда болуучу электр кубулуштары.

Аларга вентиль фотоэффектиси, сырткы жана ички фотоэффект, фотоөткөргүчтүк, Дембер эффектиси ж. б. кирет. Металлдарда электр өткөргүчтүк өтө чоң болгондуктан, ички фотоэффект байкалбайт жана фотоэлектрондук эмиссия гана пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4