Фраза

Википедия дан

Фраза (гр. phrasis - сөз, айтылыш, сүйлөм) - кептин (речтин) негизги бирдиги; синтаксистик струкгурага, . өзүнчө бүткөн ойго жана интонацияга эгедер синтаксистик-фонетикалык бир бүтүндүк.

Тил бирдиги катары сүйлөмгө барабар. Фразалар арасы тыным, ошондой эле аяктагандыгын туюнта турган атайын интонациялык белгилер (мис., орус тилинде - фразанын акыркы муунунда тон басаңдайт) аркылуу ажырайт.

Фраза сөздөрдөн же муундардан турган тактыларга (синтагмаларга) бөлүнөт. Фразанын компоненттери бири бири менен фонетикалык кошулуу эрежесине ылайык тутумдашат, мис., француз тилиндеги льезон (үнсүздөрдүн алмашылышынын бир түрү) кубулушу.

Фраза кээде сүйлөмгө синоним катары же эки тыным арасындагы ар кандай фонетикалык-синтаксистик бирдиктерди туюнтуу үчүн да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9