Фрайбергер, Александр Александрович

Википедия дан

Фрайбергер, Александр Александрович (1912-т.ж., Москва ш.) геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Ташкендеги Орто Азия индустриялык ин-тунун тоо-кен факультетин бүткөн (1938). Орто Азия индустриялык ин-тунун аспиранты (1938–39), Ташкендеги Кансай партиясында геолог (1940-41), «Средазцветметразведка» трестинде геолог (1942–45), Кыргыз геология башкармалыгында улук инженер (1945–48), башкармалыктын башкы геологу (1948 – 1953). Ф-дин ишинин негизги багыты: сейрек кездешүүчү металлдар кендерин чалгындоо, геол. чалгындоо иштерин уюштуруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]