Мазмунга өтүү

Франк, Семен Людвигович

Википедия дан
Семен Франк

Франк, Семен Людвигович – орус диний философу жана психологу. Саратов (1917–21) жана Москвадагы университеттердин (1921) профессору. 1922-ж. советтик Россиядан куугунтукталган. Франк. С. Л. “Легалдык марксизмден” экстенциализм жана феномономология жакындашуу менен диний идеализм багытына карай эволюцияланган. Франктын философиясынын негизги мотивирационалдык ойлом менен дини ишенимди элдештирүү. Синтездин үлгүсү апофатикалык теологиядан жана христиандык салттан, ошондей эле платонизмден издейт. Н.Кузанскийдин жана В.Соловьев окууларынын таасиринде (өзгөчө жалпы биримдик концепциясынын) өзүнүн көз карашын калыптандырган.

Кыскача өмүр баяны

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адегенде ал Москва университетинин юридикалык факультетинде окуйт, андан кийин Берлинде жана Гейдельбергде философияны жана социологияны окуп-үйрөнөт. Саратов жана Москва университеттеринде философиянын профессору болгон. 1922-жылы интеллигенциянын башка өкүлдөрү менен бирге Советтик Россиядан куулуп жиберилет. Өмүрүнүн акырына чейин Англияда жашайт.
Жаш курагында Франк кээ бир орус философторундай эле марксист болгон. Кийин марксизмден четтеп идеалист болот, андан соң христиан идеализминин позициясына өтөт.

Франктын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Билимдердин предмети. Абстрактуу билимдердин негиздери жана чектери жөнүндө» (1915), «Адамдын жаны (философиялык психологияга кириш сөз тажрыйбасы)» (1917), «Коомдук илимдердин методологиясынын очерки» (1922), «Коомдун рухий негиздери» (1930), «Акыл жеткис нерсе» (1939), «Кудай биз менен» (1946, англис тилинде).

Франк Н.Лосский сыяктуу интуитивизм позициясында турган. «Билимдердин предмети» деген эмгегинде интуитивизмдин концепциясын иштеп чыгууга, анын айтканына караганда Лосский иштебей кеткенди иштөөгө, атап айтканда, интуициянын мүмкүндүгүнө онтологиялык шарт түзүүгө умтулат. Франк интуиция төмөнкү жагдайда мүмкүн деп эсептейт: «бүткүлбирбүтүндүктө» (всеединство) индивидуалдык бытие мурдатан эле камтылып турат, ошондуктан ар бир объект таанылып-билингенге чейин эле таанып-билүүчү менен түздөн түз байланышта болуп турат, анткени «биз аны менен аң-сезим аркылуу эмес, өзүбүздүн бытие бизде куюлушуп, биригип турабыз» [Интуитивизмди негиздөө. 177-6.].
Абстрактуу логикалык тааным, ал башка, металогикалык таанымга негизденип турганда гана, башкача айтканда«бирбүтүн бытиенин интуициясына» негизденип турганда гана мүмкүн, бул абсолюттук бирбүтүндүк же жалпыбирбүтүндүк болуп саналат. Бардык жандуу нерселер металогикалык сфераны түзөт, бул сфера жайбаракат байкоо интуициясынын жардамы менен эмес, жандуу таанымдын жардамы аркылуу танылып-билинет, бул тааным биздин «Мен» обьектини жөн гана байкап турганда гана (башкача айткандаубакыттан тышкары ээ болуп турганда) эмес, ошол обьект менен кошо жашап турганда ишке ашат» [Ошонун өзүндө. 431-6.]
Мурда эле Лосский мындай деп көрсөткөн: «тааным теориясысыз системалуу философиялык көз карашты, асыресе диний мүнөздөгү философиялык көз карашты иштеп чыгуу мүмкүн эмес» [Орус философиясынын тарыхы. 308-6.].
Ошондуктан Франктын бардык философиялык концепциясын түшүнүү үчүн анын интуитивизм теориясын түшүнүү маанилүү. Таанымдын интуитивисттик теориясын түзүүдө Лосскийдин эмгегине тийиштүү баа бере келип, Франк анын олуттуу бир катасы бар экендигин баса белгилейт. Ал мындай деп жазат: «интуитивдик теория предметти таанып-билүүчү аң-сезим аркылуу реалдуу түрдө түшүнүүнү камсыз кыла алат, бирок бул кабылдоо моментинде гана болуп өтөт. Бытие түшүнүгү, анын толук трансценденттүүлүгү, башкача айткандаанын ар кандай таанымга көз каранды эместиги ушундан улам жетиштүү түшүндүрүлбөйт. Биз аң-сезимди бирден бир таяныч чекит катарында кабыл алгандыгыбыздан улам да бул түшүнүктүн маңызын түшүнүү дегеле мүмкүн эмес» [Коомдун рухий негиздери. М., 1993. 480-481-6.].

Интуитивизм теориясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Франк биздин ой жүгүртүүбүздө бытиенин өзү таяныч чекит болууга тийиш деп жазат. Ал өзүнүн интуитивизм теориясын төмөнкүчө баяндайт: «Биз аң-сезимге ээ болгонго караганда, жалпы эле бирдеме жашап турат, ошентип бытие бар болуп жашап турат дегенибиз алда канча шексиз. Бытие бизден тышкары жашап турабы же биздин ички дүйнөбүздө, биздин аң-сезимибизде жашап турабы деген сын философиясынын суроосуна биз өзүбүз бытиенин ичинде жашап тургандыгыбыздан улам бир эле убакта тигиниси да, мунусу да ырасталат деп жооп беришибиз зарыл. Бардык тааным, бардык аң-сезим, бардык түшүнүктөр бытиени өздөштүрүүнүн экинчи, негизсиз формасы гана, бул бытиени идеал формада ишке ашырат; бытиенин ичиндеги бытие, так эле бытиенин түздөн түз көрүнүшү жана «өзүнөн өзү ачылышы» биринчи, талашсыз нерсе болуп саналат, буга биз түздөн түз баштан өткөрүү аркылуу онтологиялык түрдө ээ болобуз. Биз өзүбүздүн бытиебизде жана ал аркылуу бытиенин өзү менен байланышып турганыбызды, анын өзүндө жашап жана ага таанып-билүүчү аң-сезим аркылуу эмес, алгачкы баштан өткөрүү (первичное переживание) аркылуу ээ болуп турганыбызды түшүнүү үчүн демейки субьективизмден, адам психикасы, биздин ички бытие биз эң эле бир өзгөчө, өзүндө камтылып катылып турган жана чыныгы бытиеге карама-каршы турган субьективдүү түзүлүш (образование) болуп саналат деген көз караштан бошонуу эле жетиштүү болот.

Эгерде тышкы дүйнө жана жалпы эле обьективдүү нерселер айрым-айрым жана бизге таптакыр жат нерселерден турган болсо, анда биз бирнеменин чындыгында да бар экендигинен, ал бизге тааным моментинде гана келбей тургандыгына эч качан ишенбес элек. Бирок, ар бир айрым предмет бирбүтүн, бардыкты камтыган бытиенин, бытиенин өзүнүн, башкача айтканда биздин өзүбүздү өзүндө камтып жана бизден өзөк болуп өтүп турган бытиенин чегинде жана негизинде ойлонула тургандыктан биз анын өзүндө (ар бир тааным актысынан мурда боло турган жана анын маңызын негиздей турган бытие аң-сезиминде) биздин билимдерибиздин обьективдүүлүгүнүн абсолют гарантиясына ээ боло алабыз» [Ошонун өзүндө. 481-6]. Франктын интуитивизм концепциясы орус философиясынын өзгөчөлүгүн бир кыйла толук билдирет. Франктын өзү «Орус көз карашы» (1926) деген эмгегинде бул жөнүндө жакшы айтат. Бул эмгекте ал ойломдун орус тибинин өзгөчөлүгү анын башталышынан эле интуицияга негизделгендигинде экенин көрсөтөт. Орус философиясынын негизинде турмуш тажрыйбасы катарында түшүнүлгөн тажрыйба түшүнүгү жатат. Тажрыйба аркылуу билүү дегенибиз — бир нерсеге ички баам-байкоонун жана баштан өткөрүүнүн жардамы аркылуу жетүү, бир нерсени ички дүйнө аркылуу билип, ага анын турмуштук көрүнүшүнө бүт толук бойдон ээ болуу болуп саналат. Бул мааниде алганда тажрыйба жөнүндөгү орус түшүнүгү сезим аркылуу келген талашсыз нерсеге барабар болгон англиялык эмпиризмден айырмаланып турат. Орус философиясы үчүн тажрыйба дегенибиз предметти тышынан таанып-билүү эмес, предметтин өзүн анын жандуу бир бүтүн нерсе катарындагы толук чындыгын адам руху (духу) аркылуу өздөштүрүү дегенди билдирет.

Акыйкат таанымы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акыйкатты таанып-билүүнүн негизи катарындагы турмуштук тажрыйба түшүнүгүнөн башка да орус философиясын, анын реализмге, онтологизмге умтулушу мүнөздөйт. Таанып-билүү үчүн алгач адам өзү бар болууга тийиш. Адамдын таанып-билиши дал бытиени идеалдуу түрдө гана таанып-билүү менен чектелбестигинде, таанып-билүү мүмкүн болсун үчүн адам адегенде бытиеге байырланышы керек. Турмуштук тажрыйба түшүнүгү, ошентип, онтологизм менен тыгыз байланышат. Франк мындай деп жазат: «Турмуш «мен» менен бытиенин дал реалдуу байланышы болуп саналат, ал эми ойлом болсо алардын ортосундагы идеал байланыш гана. Төмөнкү «primum vivore deiunde philosophare» (баарынан мурда жашоо керек, андан кийин философиялык ой жүгүртүү керек) деген сөз өзүнүн тышкы утилитардык-практикалык мааниси боюнча баягы эле таң болуп бүткөн акыйкат: бирок ушул эле айтылган сөз ички, метафизикалык мааниде түшүнүлгөндө өзүндө (ойломдун үстүнөн турмуштук фактынын онтологиялык приматынын көрүнүшү катарында) терең ойду камтып турат, дал ушул ой сыягы орус көз карашынын негизги рухий негизин бере алат» [Ошонун өзүндө. 479-6.].

Концепциялары тууралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус философиясынын бардык ушул спецификалык өзгөчөлүктөрү Франктын өзүнүн философиясында болуп көрбөгөндөй толук чагылдырылган. Анын башкы концепциялары адам турмушунун рухий проблемаларына арналган. Адам дүйнө менен тыкыс байланышкан, адам дүйнөнүн бир бөлүгү гана эмес, дүйнө анын ички дүйнөсүндө жашап тургандай эле, адам да дүйнөнүн ички койнунда турат. Биз абсолюттук бытиени байкап-баамдай албайбыз, анткени «байкалып-баамдала турган нерседен тышкары да байкап-баамдоо актысы жана байкап-баамдоочу субьектинин болушун талап кылат» [Акыл жеткис нерсе. 91-6.].

Ойлом элементи

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ойлом, потенциядагы тааным абсолюттук бытиенин «берилбеген» элементи болуп саналат, абсолюттук бытие өзүнө өзү берилген, ал «өзү үчүн бытие». Ошондуктан, бытие ар бир Мен-де бар, бир эле убакта ал «биз менен жана биз үчүн да» бар болуп турат» (93-6). Франк абсолюттук мүнөздө болгон, бардыкты камтыган бытиени реалдуулук деп атайт. Бул реалдуулук — алгачкы жана сүрөттөөгө мүмкүн болбогон бирбүтүндүк, конкреттүү толуктук болуп саналат, ал тышкы жана ички дүйнө болуп бөлүнбөйт. Ал жалпы эле турмуштун өзү. Руханийлик, рух Франк үчүн философиянын эң маанилүү түшүнүгү. Рух — бул обьективдүү бытие, бирок обьектинин бытиеси катарында эмес, актуалдуу, толук калыптанып бүткөн, туруктуу реалдуулуктун бытиеси, бул реалдуулук өзүндө баалуулукту камтып турат жана биздин бүткүл психикалык турмушубузга маани берет.

Кудайдын дүйнө жаратышы тууралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кудайдын дүйнөнү жаратышы, Франк боюнча, аны жоктон бар кылганында эмес, анткени жоктон бар кылуу куру сөз, Кудай ага маңыз жана баалуулук бергендигинде. Дүйнөнүн реалдуу тиреги жана идеал негизи Кудайда, дал ушул дүйнөнүн макулуктук экенин билдирет».
Франк теодицея проблемасын төмөнкүчө чечет: Кудайдын реалдуулугу фактылардын реалдуулугуна караганда өзүнөн өзү алда канча ачык. Ошондуктан, Кудай менен начар эмпирикалык дүйнөнүн байланышы акыл жеткис экендиги өзүнөн өзү белгилүү. Ушундан улам «теодицея проблемасы рационалдуу, зарыл түрдө таптакыр чечилгис проблема, чындыгында да принцибинде чечилгис проблема». Эгерде жаманчылыкты түшүндүрүүгө туура келсе, анда акыры түбү аны актоого, «болбоого тийиш болгон нерсенин» кантип пайда болгонун түшүндүрүүгө, ошентип, анын себебин таап, актоого алып келер эле. Жаманчылыкка бирден бир туура мамиле аны четке кагууда, аны жок кылууда жана албетте, аны түшүндүрбөй эле жөн коюуда турат» [300-6.].

Жамандык тууралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамандык «дайыма азап чегүү жана курмандыктын гана эмес, ошондой эле «жамандыкты алып жүрүүчүнүн түбөлүк өлүмү менен байланышкан, бул болсо Кудайдын абсолюттук күч-кубаттуулугунун далили болуп кызмат кылат». Бирок бул баары бир теодицея проблемасын чече албайт, анткени жамандык кээ бир толук жана терең мааниде, же эң болбоду дегенде, анын түпкү булагы Кудайдын өзүнүн акыл жетпес тереңинде жашырылып жатат». «Жамандык Кудай менен Кудай-эместин чегинде жаткан чексиз хаостон келип пайда болот» [313-6.]. Франктын кээ бир чыгармалары социалдык философиянын маселелерине арналган, аларга төмөнкүлөр таандык. «Коомдук илимдер методологиясынын очерки» (1922), «Мен жана биз» (1925), «Коомдун рухий негиздери» (1930).

Социалдык турмуш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Франк социалдык турмуш — бул психологиялык окуялардын жөн гана суммасы эмес деген. «Мыйзамдар, үрп-адаттар, мекемелер жана д.у.с. социалдык жашоонун тараптары катарында, буларга байланыштуу болгон коомдук сезимдердин, ой-пикирлердин жана д.у.с. жашап турушунан айырмаланат» [Очерктер. 47-6.]. Коом бирбүтүн маңыз катарында чыгат, бул недир бир түпкү бирбүтүндүк. Франк «коом... чыныгы бирбүтүн реалдуулук, ал айрым жеке индивиддерден түзүлгөн бирикме эмес, а түгүл ал бизге конкреттүү адам берилген (дан) бирден бир реалдуулук. Жалгыз алып каралган индивид абстракция гана: собордук бытиеде гана, коомдун биримдигинде гана биз адам деп атаган нерсе чыныгы реалдуу боло алат» [53-6.].
Бирок коом бир тектүү эмес, ал ички жана тышкы эки аспектиге ээ. «Анын ички катмары дал жогоруда белгиленген «биздин» биримдигинде, тагыраак айтканда, ар кандай «мен-дин» дал ушул түпкү биримдик болгон «биз» менен байланышында турат, ал эми тышкы катмар дал ушул биримдиктин көптөгөн «мен-дин» бөлүкчөлөргө, карама-каршыларга жана өз ара күрөшкөндөргө бөлүнүп кеткендигинде турат, жана бул биримдикке көптөгөн айрым, бири-биринен бөлүнгөн адамдар карама-каршы турат» [54-6].
Тышкы жана ички катмарларды Франк коомчулук жана соборчулук деп атайт. Ал соборчулукта негизинен адамдардын адамды адам кылып турган байланыштары көрүнөт деп эсептейт. Соборчулук ички, органикалык биримдик катарында «ар кандай адамдык карымкатыштын, адамдардын ар кандай коомдук бирикмелеринин негизинде жатат». Соборчулук бириктирүүчү башталыш катарында ар түрдүү формада көрүнө алат. Биринчи форма үй-бүлө, ар кандай коомдун түбөлүктүү негизи. Экинчи форма катарында диний турмуш чыгат. Соборчулук жана диний турмуш өзүнүн негизинде бир эле нерсе. Соборчулуктун үчүнчү формасы катарында ар кандайча бириккен көптөгөн адамдардын тагдыры жана турмушу чыгат. Жалпы жана биргелешип жашоо адамдарды бири-бири менен данакерлештирип, жолдоштук сезимин жана көңүл жакындыгын пайда кылат.

Инсан тууралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Инсанды сыртынан курчабай, ичинен бириктирип жана аны толуктап турган адамдык соборчулук жана бирбүтүндүккө таандык экендигин сезүү чындыгында дал мистикалык диний сезим, бул сезим бизди кучагына камтып турган бытиенин жашырын сырдуу тереңинде бекип жатат» [Ошонун өзүндө. 59-6.].
Франктын сөзү боюнча, соборчулукту мүнөздөй турган белгилер төмөнкүлөр: 1) Соборчулук «мен-дин» жана «сен-дин» табийгый биримдиги болуп саналат, бул биримдик алгачкы биримдик болгон «биз-ден» келип чыгат. Бирбүтүндүк бөлүктөрдү ажырагыс кылып гана бириктирип турбайт, ал өзүнүн ар бир бөлүгүндө бар болуп турат» [Ошонун өзүндө. 61-6.].
2) Собордук биримдик инсандын өзүнүн турмуштук мазмунун түзүп турат. Собордук биримдиктен «аша кечүүчүлүк» бардык жерде жеке турмуштун толуктугун бөксөртүп турган оор запкы катарында көрүнөт.
3) Собордук бирбүтүндүк — инсандын өзү сыяктуу конкреттүү индивидуалдуулук, башкача айткандасобордук бирбүтүндүк дегенибиз — бу жалпы эле адамзат эмес, ал конкреттүү үй-бүлө, улут, чиркөө.
4) Соборчулук өзүнүн убакыттан тышкаркы биримдиги менен мүнөздөлөт, бул эң маанилүү. «Биздин турмушубуздун ар бир көз ирмеми өткөндөгү топтолгон күчтөр жана каражаттар менен аныкталган, ошону менен эле бирге ал келечекке да умтулган, ал али жок нерсенин чыгармачылыгы болуп саналат».
«Коомдон анын бүткүл өткөндөгүсүн жок кылып кыйратып, турмушту жоктон бар кылып кайра курууну максат кылып койгон радикал революциялар, чындыгында, организмде топтолгон канды төгүп салып, анын ордуна жаңы кан куюуга аракеттенгендей эле акылсыздык жана ишке ашпас нерсе, эгерде булар ишке аша турган болсо анда алар коомду жөн гана өлүмгө алып келер эле. Революциялардын өзү да, титиреп-калчылдап, өзүн өзү өлтүрүүгө умтулган акылсыз кыйратуулар өткөндүн көрүнүштөрү, өткөндөн келе жаткан тенденциялардын ачылып көрүнүшү: бул аракеттерден өткөндө топтолгон уулардын ойрон кылуучу аракеттери, алардан кутулууга жасалган жандалбастоолор байкалат. Эгерде алар коомдун кыйроого алып келбесе анда бул алар тарабынан жараланып, алсыраган коомдук организм белгилүү бир убакыттан кийин андагы өткөндөн калган соо күчтөрдүн таасири астында кайрадан жандана тургандыгы менен түшүндүрүлөт» [Ошонун өзүндө. 63-6.].
Франктын ою боюнча, коомдук турмуштун түпкү максаты, жалпы эле адам турмушунун максатындай эле бирөө гана, ал — турмуштун өзүн анын теңирлик түпнегизинде бардыкты кучагына алган толук, терең шайкеш жана эркин түрүндө, чыныгы турмушта болгондун бардыгында ишке ашыруу болуп саналат. Коомдук турмуштун бул жалпы максатынан айрым башталыштардын өзүлөрүнүн чогуу турушунда билдире турган иерархиялык структурасы келип чыгат. Мындай башталыштардын көбүрөөк жалпы жана алгачкылары кызмат өтөө, тилектештик жана эркиндик башталыштарынын үчилтик биримдиги болуп саналат.




Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8