Франц Кафка

Википедия дан
Франц Кафка (1906).

Франц Кафка (англ. Franz Kafka; 1883-жыл 3-июль — 1924-жыл 3-июнь) — немис тилинде жазган роман жана аңгеме жазуучу. 20-кылымдын адабиятынын негизги ишмерлеринин бири болуп эсептелет. Анын эмгектеринде реализм жана фантастика элементтери айкалышат. Адатта чыгармаларындагы башкы каармандар таң калычтуу же сюрреалисттик оор кырдаалдарга жана түшүнүксүз коомдук-бюрократиялык бийликке туш болушат. Ошондой эле, анын эмгектери обочолонуу, экзистенциалдык тынчсыздануу, күнөө жана абсурддук темаларын изилдейт делет. Анын белгилүү чыгармаларына "Die Verwandlung" ("Кубулуу"), "Der Process" (Соттук отурум) жана "Das Schloss" (Сарай) кирет. "Кафкачасынан" (Kafkaesque) деген түшүнүк англис тилине анын китептериндегидей абалдарды сүрөттөш үчүн кирген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кафка азыркы Чех Республикасынын бир бөлүгү болгон, ошол убактагы Австро-венгрия империясынын бир бөлүгүндөгү Богемия падышалыгынын борбору Прагада немис тилинде сүйлөгөн орто чарбалуу жөөт үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ал адвокаттыкка окуп, юридикалык билим алгандан кийин камсыздама компаниясына жумушка кирген. Бул ага өзүнүн бош убактысында жазууга аргасыз кылган. Өмүрүнүн аягына чейин Кафка үй-бүлөсү менен жакын досторуна, анын ичинде чыңалган жана расмий мамиледе болгон атасына да, жүздөгөн каттарды жазган. Ал бир нече аялдар менен убалашканы менен бирок эч качан үйлөнгөн эмес. Ал 1924-жылы 40 жашында кургак учуктан каза болгон.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым чыгармалары Кафканын көзү тирүү кезинде жарыкка чыккан: "Betrachtung" (Байкоо), "Ein Landarzt" (Элеттик дарыгер) аңгемелер жыйнактары жана өз алдынча аңгемелер (мисалы, "Die Verwandlung" сыяктуу) адабий журналдарда жарык көрүп, бирок коомдун көңүлүн көп деле бурган эмес. Кафка бүтпөй калган романдарын, анын ичинде "Der Process", "Das Schloss" жана "Amerika" (ошондой эле Der Verschollene (Дайынсыз жоголгон адам) деген аталыш менен да белгилүү) чыгармаларын досу Макс Бродго жок кылуусун буюрган. Бирок досу Кафканын айткандарын четке кагып, Кафканын өлүмүнөн кийин басып чыгарган. Анын чыгармалары 20-кылымдагы жазуучуларга, сынчыларга, сүрөтчүлөргө жана ойчулдарга таасир тийгизген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]