Фреза

Википедия дан

Фреза (фр. traise) - материалды кесип, жонуп иштетүүчү көп тиштүү жонгуч аспал. Анын жонуучу тиши айланып турат.

Фреза тиштери жайгашкан бети боюнча цилиндрлүү, торецтүү, дисктүү, бурчтуу, фасондуу; тиштин формасына жараша тик бурчтуу, бурамалуу, ар кандай багытталган тиштүү; тиштин конструкциясы боюнча өтө учталган, артка кайрылган; түзүлүшү боюнча бир бүтүн, курама, комплекттүү, тиштери алмаштырылма; бекитүү ыкмасы боюнча кийгизилме ж. б.; бурама сайынын багыты боюнча сол жана он сайлуу болуп айырмаланат. Фреза тегиз, оюк, ийри сызыктуу бетти иштетүү (жонуу), ошондой эле материалдарды кесүү үчүн да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4