Фриев, Хажи-Мурат Дзамбулатович

Википедия дан

Фриев, Хажи-Мурат Дзамбулатович (1902, Түндүк Осетия, Беслан ш. – 1967, Бишкек ш.) – геолог, геология-минералогия ил. кандидаты (1947), доцент (1939). Новочеркеск (мурдагы Дон) политехника ин-тун бүткөн (1930). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык ин-тунда мугалим (1937–1939), кафедра жетекчиси (1939–54), Кыргыз мамлекеттик ун-тинде кафедра башчысы (1951–54). 1941–45-ж. Кыргызстандагы түстүү металлдарды издөө иштерине активдүү катышкан. Фрунзе политехника ин-тун уюштуруу ишине чоң салым кошуп, Тоо-кен-геология факультетинде геология кафедрасын, геол. музейди уюштурган ж-а анда өмүрүнүн акырына чейин (1967) кафедра жетекчиси болуп иштеген. Кыргызстандын геолог-адистерин даярдоодо кошкон салымы чоң. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]