Фрилансер

Википедия дан

Фрилансер — бул сөз эң биринчи жазуучу Вальтер Скоттун «Айвенго» деген чыгармасында колдонулуп, анда бул «жалданып иштеген аскер» деген мааниде болгон. Кыргызчага сөзмө-сөз которгондо «эркин найзакер» дегенди түшүндүрөт.
Фрилансер – өз үйүнө отуруп алып, бир эле учурда бир нече ишканага иштей алган адам. Ал кайсы бир компаниянын штатына кирип, дайыма иштебейт. Жумушту адатта интернет аркылуу табат. Фрилансерлер көбүнчө журналистикада, архитектурада, дизайн, жарнама, фото-видео тартуу тармактарында иш алып барышат. Азырынча Европа, Орусия жана Кыргызстанда деле кеңири жайылууда.