Фролов Анатолий Васильевич

Википедия дан

Фролов Анатолий Васильевич (28. 4. 1936, РФ, Улан-Уде ш. - 4. 10. 2006, Бишкек) - техника илимдин доктору (1981), проф. (1982), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1989), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977).

Томск политехникалык институтун (1960), ошол эле жерде аспирантураны (1964) бүтүргөн. СССР ИАнын Сибирь бөлүмүндө Too иштери институтунда ассистент, кенже, улук илимий кызматкер, Кыргыз ССР ИАнын Физика жана тоо тектеринин механикасы институтунда лабор. башчысы, КР УИАнын Президиумунун башкы окумуштуу катчысы, 1998-жылдан КР УИАнын Машина таануу институтунда башкы илимий кызматкер болуп эмгектенген. Too машина таануу тармагы боюнча адис. 140тан ашык илимий эмгеги, а. и. 7 монография, 18 ойлоп табуусу жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4