Фронтко жардам

Википедия дан

Фронтко жардам - Улуу Ата Мекендик согушта кулач жайган патриоттук кыймыл, оорукта Кыргызстандын эмгекчилери согуш жылдары коргонуу фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 млн сом (рубль) акча, 946 млн сомдук (рубль) облигация жана 59 кг күмүш жыйнап беришкен; эгин, эт, май, жүн берип турушкан.

Согуш жылдары республиканын калкы 1 млрд 47 млн сомго (рубль) облигация, 156 млн сомго акча-буюм лотереясын алышкан. Майданга эмгек жамааттарынан 196 вагон белек жиберилген. Фронтко жардам кыймылы оорук менен майдандын бузулбас биримдигин айгинелеген патриоттук жана интернационалдык маанайдагы кыймыл болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4