Фруд маятниги

Википедия дан

Фруд маятниги (сүрүлмө маятник) – автоматтык термелүүчү механикалык системалардын жөнөкөй түрү.

Ал физикалык маятниктен, муфтадан, айлануучу октон турат. Айлануучу октун бурчтук ылдамдыгы дайыма маятниктин бурчтук ылдамдыгынан чоң. Мында маятник муфтага өз ара жылгыс бекитилип, маятникке аракет этүүчү сүрүлүү күчүнүн моменти бирдей багытталат. Ал маятник менен ок карама-каршы жакка бурулганда кыймылды токтотот. Ал эми экөө бир багытта кыймылдаса, ылдамдануу пайда болот. Термелүүнүн кандайдыр бир моментинде ылдамдануу көбөйүп, термелүүнүн өздүк дүүлүгүүсү пайда болот. Белгилүү бир шарттарда бул автотермелүүгө өтөт. Маятникти У.Фруд жасаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]