Фрунзик Мкртчян

Википедия дан

Мкртчян Мгер (Фрунзе) Мушегович (4. 7. 1930,Армения, Ленинакан шаары – 29. 12. 1993, Ереван) – актёр, СССР эл артисти (1984). Ереван театр институтунда окуган. 1956-жылдан Сундукян атындагы театрда иштеген. Кинодо алгач комедиялык ролдордо тартыла баштаган («Даректи издөө», 1955; «Дарыя эмне деп күүлдөйт» жана «01–99», 1959). «Отуз үч» (1966), «Айболит66» жана «Кавказ туткуну» (1967) фильмдеринде өзгөчө кебете-кешпири башкы каармандардын образдарында колдонулган, ал эми «Үч бурчтук» фильминде Мкртчяндын лирикалык жана драмалык чеберчилиги ачылган (Армян ССРинин мамлекеттик сыйл., 1975). Мкртчяндын комедиялык жана драмалык жөндөмдүүлүгү Апронун («Наапет», 1977), Рубендин («Мимино», СССР мамлекеттик сыйлыгы) жана Арменактын («Жоокер жана пил», Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгы) – экөө тең 1978, Григори-агинин («Кордоо», 1980) ролдорунан көрүнөт. «Өткөн күндүн ырлары” (1982); “Бойдокторго жатакана берилет” (1984) ж. б. фильмдерге тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]