Мазмунга өтүү

Фрэнк Герберт

Википедия — ачык энциклопедия
Фрэнк Герберт
Туулгандагы ысымы:

Франклин Патрик Герберт-кичүүсү

Туулган жери:

Такома, Пирс, Вашингтон, АКШ

Жарандыгы:

АКШ

Ишмердүүлүгү:

прозаик

Чыгармачылык жылдары:

1945—1986

Жанр:

илимий фантастика

Дебют:

«Бир нерсени издеп атасыңбы?» (англ. Looking for Something?)

Сыйлыктары:

мыкты роман үчүн «Небьюла» премиясы (1965), мыкты роман үчүн «Хьюго» премиясы (1966)

Фра́нклин Па́трик Ге́рберт-младший (англ. Franklin Patrick Herbert, Jr.; 8 октябрь 1920 жыл, Такома, штат Вашингтон, АКШ — 11 февраль 1986 жыл, Мэдисон, Висконсин, АКШ) - америкалык жазуучу-фантаст, "Дюна хроникалары" циклинин автору катары таанымал, өзгөчө бул циклдеги биринчи Дюна чыгармасы аркылуу.

Фрэнк Герберт 8 октябрь 1920 жылы Вашингтон штатынын Такома шаарында төрөлгөн, Сиэтлде Вашингтон университетин аяктаган. Жаш кезинен баштап жазуучу болгусу келген. 1938 жылы мектепти бүтүп, 1939 жылы өзүнүн жашын калп айтып «Глендейл стар» газетасына жумушка кирген[1]. Профессионалдуу жазуучу болоордон мурда, ар кайсы газеталарда редактор жана репортёр болуп иштеген,

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда флотто фотограф болгон, бирок 6 айлык кызматтан кийин комиссияланган. 1942 жылы Флора Паркинсонго үйлөнгөн, бирок 1945 жылы ажырашкан, ортодо Пенни деген кызы төрөлгөн. 1946 жылы Вашингтон университетине тапшырып, ал жерден Беверли Энн Стюартка жолуккан. Ал курстагы Герберттен сырткары аңгемелери жарыяланган жалгыз адам болгон. 1946 жылы алар үйлөнүшкөн, 1947 жылы биринчи баласы, а 1951 жылы - экинчиси төрөлгөн.

Биринчи илимий фантастика жанрдагы чыгармасы - «Бир нерсени издеп атасыңбы?» (англ. Looking for Something?) аттуу чыгармасы. Ал Startling Stories журналында жарыяланган (1952).

1950 жылдары ондогон аңгемелерди жана «Дөө деңизде» (англ. The Dragon in the Sea, 1955) романыны жарыялаган. Бул роман кийин «Кысымда» (англ. Under Pressure) деген аталыш менен да жарыяланган. Бирок кеңири таанымалдуулукту 1963 жылы «Analog» журналына жарыялаган «Дюна дүйнөсү» романы аркылуу атактуулукка жеткен. Ал «Дюна» романын биринчи бөлүгү болгон. Кийинчерээк бул журналды «Дюна пайгамбары» («The Prophet of Dune») аталышта уландысы жарыяланган. 1965 жылы бул эки бөлүк толук бир романга бириктилип, өзүнчө аталыш менен чыккан. Чыгарма дүйнөлүк таанууга арзып, фантастикалык адабияттага престиждүү премияларга татыган, «Небьюла» жана «Хьюго премияларына»

Роман ылдам эле XX кылымдын эң популярдуу фантастикалык романдардын бири болгонго жетишкен. Кийинки жылдары Геберттин калеми менен кумдуу планета жөнүндө окуянын уландысы чыгат: «Дюна Мессиясы» (англ. Dune Messiah, 1969), «Дюна балдары» (англ. Children of Dune, 1976), «Дюна Кудай-императору» (англ. God Emperor of Dune, 1981), «Дюна еретиктери» (англ. Heretics of Dune, 1984) жана «Дюна Капитулу» (англ. Chapterhouse: Dune, 1985). Дюна жөнүндөгү сагада, алыскы келечекте жана беш миң жылга уланган окуяда, көптөгөн суроолор көтөрүлөт, адамзаттын эволюция учурундагы тирүү калуучу, экология маселелери, диний аракеттер, саясат жана бийлик. Дүйнөнү көптөгөн алдыңкылары бул циклди илимий фантастиканын классикасы деп, бул жанрдын кеңири «ачык» жана «толук» өкүлү деп белгилешет. Фрэнк Герберттин уулу Брайан Герберт атасынын Дюна ааламынын романдар сериясын уланткан.

Фрэнк Герберт дагы башка чыгармаларды жазган, алардын арасынан белгилей кетчү, «Дөө деңизде» (англ. Dragon in the Sea, 1956), «Жашыл мээ» (англ. The Green Brain, 1966), «Багыт — боштук» (англ. Destination: Void, 1966), «Гейзенберг көзү» (англ. The Eyes of Heisenberg, 1966), «Асмандын жаратуучулары» (англ. The Heaven Makers, 1968), «Сантароги барьери» (англ. The Santaroga Barrier, 1968), «Хеллсторм уюгу» (англ. Hellstrom’s Hive, 1973), «Жылдыз камчы астанда» дилогиясы(англ. Whipping Star, 1970) жана «Досади эксперименти» (англ. The Dosadi Experiment, 1977).

2003 жылы Брайан Герберт атасы Фрэнк Герберттин биографиясын камтыган - «Дюна кыялкечи» (англ. Dreamer of Dune) китебин чыгарган. Бул китепти Брайан көптөгөн жылдардан бери Герберттер үй-бүлөсүнүн олуттуу окуяларын журналга жазып жүрүүдөн башталган. Кийинчерээк бул жазмалар атасынан чоң биографиясына айланган.

Библиография

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
ЖылАталышыНукура аталышы
1952Бир нерсеге суранып атасыңарбы?Looking for Something?
1954Операциялык синдромOperation Syndrome
1954Жоолгон иттерThe Gone Dogs
1954Pack Rat Planet
1955Келемиштер жарышыRat Race
1955Оккупациялык күчтөрOccupation Force
1956The Nothing
1956Кысымда [ = «Дөө деңизде» / «XXI кылымдын Субмаринасы»]Under Pressure [= «Dragon in the Sea» / «21st Century Sub»]
1958Эски адашкан үйOld Rambling House
1958You Take the High Road
1958A Matter of Traces
1959Missing Link
1959Operation Haystack
1960Haiku
1961Egg and Ashes
1961ЧектөөсүзA-W-F Unlimited
1961Mating Call
1961Try to Remember
1962Mindfield!
1964The Mary Celeste Move
1964The Tactful Saboteur
1965ДюнаDune
1965Баардыктын комитетиCommittee of the Whole
1965G M ЭффектиThe G M Effect
1966Багыт — боштук[="Түш же өң?"]Destination: Void [="Do I Wake or Dream?"]
1966Жашыл мээThe Green Brain
1966The Primitives
1966Escape Felicity
1966Гейзенберг көзүHeisenberg’s Eyes
1966Китеп боюнчаBy the Book
1967The Featherbedders
1967Асман жаратуучуларыThe Heaven Makers
1968Сантароги барьериThe Santaroga Barrier
1970Дюна МессиясыDune Messiah
1970Жылдыз камчы алдындаWhipping Star
1970Seed Stock
1970Murder Will In
1972Жандарды кармоочуSoul Catcher
1972Кудайды жараткандар [="Кудайды жараткандар"]The Godmakers [="The Priests of Psi"]
1973Хэллстром уюгуHellstrom’s Hive [= «Project 40»]
1976Дюна БалдарыChildren of Dune
1977Досади экспериментиThe Dosadi Experiment
1978Come to the Party
1979Иса менен инцидент[="Пандора жашиги"] (Билл Рэнсом менен)The Jesus Incident
1979Song of a Sentient Flute
1980Түз түшүүDirect Descent
1981Дюна Кудай-императоруGod Emperor of Dune
1982Ак ЧумаThe White Plague
1983Лазар эффекти (Билл Рэнсом менен)The Lazarus Effect
1984Дюна ЕретиктериHeretics of Dune
1985Дюна КапитулуChapter House: Dune
1986Эки дүйнөнүн адамы (Брайан Герберт менен)Man of Two Worlds
1988Көтөрүлүү фактору (Билл Рэнсом менен)The Ascension Factor

Адабият премияларынын лауреаты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Дюна» «Небьюла» премиясына татыган биринчи роман болгон. Фрэнк Герберттин өзү дагы премиянын жеңүүчүлөрүн аныктаган калыстар курамында болгон. Бул 1975 жана 1976 (Nebula) жылдары, жана 1986 (Hubbard) жылы болгон.

  • 1975 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 1-орун («Дюна» романы үчүн);
  • 1977 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 4-орун («Дюна Балдары» романы үчүн);
  • 1977 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 19-орун;
  • 1978 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 7-орун («Досадиялык эксперимент» романы үчүн);
  • 1982 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 6-орун («Дюны Кудай-императору» романы үчүн);
  • 1982 «Мыкты антология» «„Небьюланын“ 15 жеңүүчүсү» антологиясы үчүн) категориясында 26-орун;
  • 1983 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» (Ак чума» романы үчүн) категориясында 19-орун;
  • 1985 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» («Дюна Эретиктери» романы үчүн) категориясында 19-орун;
  • 1986 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» («Дюна Капитулу» романы үчүн) категориясында 17-орун;
  • 1986 «Мыкты жыйнак» («Eye» жыйнагы үчүн) категориясында 20-орун;
  • 1988 «Мыкты фантастикалык эмес чыгарма» («The Maker of Dune: Insights of a Maker of Science Fiction» эссеси үчүн) категориясында 13-орун;
  • 1988 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 13-орун;
  • 1998 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 3-орун;
  • 1999 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 9-орун;
  1. Frank Herbert, author of sci-fi best sellers, dies, Pittsburgh Post-Gazette (13 -февраль (бирдин айы) 1986). Текшерилген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2014.