Фрэнсис Дрейк

Википедия дан

Дрейк Фрэнсис (1540, Девоншир графтыгы, Тейвисток – 28. 1. 1596, Панама, Порто-Белього жакын) – англиялык деңиз сүзүүчү, вице-адмирал (1588). Деңиз каракчыларынын Вест-Индияга экспедициясын жетектеген. 1556-ж. Гвинеядан Түштүк Америкага кулдарды ташыган. 1567–77-ж. бир нече жолу Вест-Индияга деңиз жүрүштөрүн жасаган. 1577–80-ж. дүйнөнү 2-жолу айланып сүзүп (Ф. Магелландын экспедициясынан кийин), Оттуу Жер архипелагы менен Түштүк Шетленд аралынын ортосунда Тынч жана Атлантика океандарын туташтырган кысык бар экенин айткан. Кийинчерээк ал кысык анын ысмынан аталган. Түштүк Америка материгиндеги Оттуу Жер архипелаг экенин далилдеген. 1588-ж. Испаниянын «Жеңилбес армадасын» талкалоо до англиялык флотту жетектеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1