Фунгициддер

Википедия дан

Фунгициддер (латын тилинен fungus — козу карын жана саеdо — өлтүрөм) — өсүмдүк-төрдүн ооруу козгогучтарына каршы колдонуулучу химиялык заттар. Ф. таасирине жа-раша коргоочу же алдын алуучу жана дарылоочу болуп айырмаланат. Өсүмдүктөр үчүн коргоочу Ф. кеңири колдонулат (жалбырактар үстүнө гана таасир берет): күкүрт, жез сульфаты жана хлориди, дитиокарбамин к-тасы туздары, трихлорметилтиомид, фенол, Нg жана Sn орг. бирикмелери. Ф. маанилүүсү системдик Ф. эсептелинет (алар өсүмдүктөргө синип, ичинен таасир берет) жана аларга: бензимидазол, оксатин, пиримидин, пиперазин, морфолин туундулары, тиофосфаттар, антибиотиктер кирет. Ф. менен өсүмдүктөрдү дарылоонун мөөнөтү жана дарынын өлчөмү митенин биол. өзгөчөлүгүнө, анын зыяндуулугуна, өсүмдүк өсүү фазасына, ошондой эле метеорологиялык шартка байланыштуу. Ф. пайдалануу методдору: бүркүү, өсүмдүктөргө жана жер кыртышына себүү, үрөндү дарылоо жана башка А. ч. өсүмдүктөрү илдеттерине жана зыянкеч курт-кумурскага каршы күрөшүүдө Ф.инсектицид кошулуп колдонулат. Ошондой эле Ф. жыгачты (креозот, пентахлорфенол Сu, Сr, Аs туздары аралашмалары) сактоодо, булгаары, текстиль материалдарын (фенол туундулары) иштетүүдө колдонулат. Ф. сактоодо, анын иштөөдө жана аларды ташууда адамды жана жаныбарды уулануудан сактоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]