Фурфурол

Википедия дан

Фурфурол — гетероциклдүү орг. бирикме: сары түстөгү коюу суюкгук; мол, масс. 96,09, кайноо 1161,7oС, сууда начар, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Химиялык касиети бензой альдегидине окшош. Фуран ядросунун болушу Ф. өзгөчөлүктөрүн мүнөздөйт. Аммиак менен гидрофурамид (С4Н3ОСHN)2СНС4Н3О, аминдер менен альдиминди С4Н3ОСН-NR пайда кылат. Активдүү метил же метилен топтору бар бирикмелер менен Ф. конденсацияланат (ацетоуксус эфири, малон к-тасы, альдегид жана кетондор, нитропарафиндер жана башкалар). СN- -ионунун таасири менен фуроин пайда болот да, ал окистенип, фурилди пайда кылат. Канницаро реакциясына кирет. Ф. өзгөчөлүкгөрүнүн бири-анын өзүнөн өзү окистенүүсү. Кижнер-Вольф жана Клеменсен реакциясы боюнча калыбына келтирүүдөн метилфуран алынат. Ф. диен синтезине кирбейт. Бериллий пероксиди катышуусунда хлорлоодо 5-хлор-фурфурол, НNО3 менен нитрлөөдө 5-нитро-фурфурол пайда болот. Ф. пентозан бирикмелери бар өсүмдүктөрдү гидролиздөөдөн алынат, Ф. фуранды, тетрагидрофурил спиртин, фуран чайырын, дары-дармек жана башка заттар алууда баштапкы сырьё катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]