Футурама

Википедия дан

"Футурама" (англ. Futurama) - Мэтт Грониң, Fox каналы үчүн түзгөн америкалык анимацияланган илимий-фантастикалуу жана комедиялуу сериал. Сериалда жыйырманчы кылымдын аягында Нью-Йорк шаарында пицца жеткирип иштеген Филип Ж.Фрайдын окуясы баяндалат. Ал бир миң жылга тоңдурулуп койгондон кийин, 31-кылымдагы планеталар аралык жеткирүү иштерин аткаруу үчүн Экспресс планетасынан жумуш табат. Грониңге сериалды тартуу ойлору 1990-жылдардын ортосунда "Симсондорду" (англ. The Simpsons) тартуу учурунда келген. Андан соң ал Fox каналына көрсөтүү үчүн Дэвид Кс. Кохенди чакырган жана ал тасмадагы окуялар жана каармандарды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеген.


Сериалды көрсөтүү токтотулганга чейин, АКШда 1999-жылы, 28-марттан - 2003-жылы, 10-августка чейин Fox каналында көрсөтүлгөн. "Футурама" ошондой эле Cartoon Networkтун Adult Swim каналы менен келишими бүткөнгө чейин 2003-2007-жылдардын аралыгында көрсөтүлгөн. Сериал 2007-жылы видео тасма катары кайрадан тартылган жана анын акыркы сериясы 2009-жылы чыккан. Андан соң Comedy Central, 20th Century Fox Television менен келишим түзүп, мурунку эпизоддорду бириктирип 16 жаңы тасма, төрт жарым эпизод жана беш сезондон турган тасманы чыгарышкан.

"Футурама" сериалын көрсөтүү учурунда көптөгөн алкыштарга ээ болгон. Бул телеберүү 17 "Annie Awards" сыйлыгына жана 12 " Emmy Awards" сыйлыктарына көрсөтүлүп, биринчи сыйлыктан жетөөнү, экинчи сыйлыктан алтоону жеңип алган. "Футурама", "Америка Жазуучулар Гилдиясы" сыйлыгына төрт жолу көрсөтүлгөн жана "Кудай балдар" (англ. Godfellas) менен "Бенданын туткундары" (англ. The Prisoner of Benda) эпизоддору үчүн эки сыйлык жеңип алган. Буга кошумча бир "Nebula Award" сыйлыгына көрсөтүлгөн жана "Попплер менен болгон көйгөйлөр" (англ. The Problem with Popplers) жана "Футураманын укмуштуу каникулу" (англ. The Futurama Holiday Spectacular) аттуу эпизоддору "Айлана-чөйрө боюнча Медия сыйлыктарын" жеңип алган. Ошондой эле учурда "Футураманын" комикстери, видео оюндары, календарлары, кийимдери жана статуэткалары сатылат. 2013-жылы "Футурама" сериалы TV Guide көрсөткүчүндө "Эң мыкты 60 мультфильм" тизмесинде алдыңкылардын бири болгон.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]