Фёдоров Евграф Степанович
Фёдоров Евграф Степанович (10.(22). 12. 1853, Россия, Оренбург ш. - 21. 5. 1919, Петроград) - көрүнүктүү илимпоз, петрограф, минералог жана геолог; структуралуу кристаллографиянын негиз салуучуларынын бири.
Россия ИАнын академиги (1919), Петербург ИАнын адъюнкту (1901). Петербург шаарындагы Аскердик-инж. кесиптик окуу жайын (1872), Мед. хирургия академиясын жана Петербургдагы Технология жана тоо-кен институтун бүткөн (1883). Геология кабинетинде иштеп, Түндүк Уралда геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн (1885-94); Москва а. ч. институтунда проф. (1895-1910) жана Петербург Тоо-кен институтунда окутуучу, институттун директору (190510). Ал 16 жашында «Фигуралар жөнүндө окуунун негиздери» (1885) деген 1-эн чоң эмгегине киришкен. Симметрия жөнүндөгү окууну өркүндөтүп, кристаллдык көп грандыктарды классификациялаган. Мейкиндиктеги симметриянын 230 тобу (Фёдоров тобу) жөнүндөгү алгачкы түшүнүктү илимге киргизген (1890). Кристалл (минерал) формаларынын мүнөздөмөлөрүн кристаллдык химиянын көз карашынан түшүндүргөн. Өзү түзгөн приборлор - теоделиттик гониометр (1889) жана фёдоров столчосунун (1891) жардамы менен кристаллогр. изилдөө ыкмасын иштеп чыккан. Бир нече жаңы минералдардын түрлөрүн тактал, тоо тектердин классификациясын жана номенклатурасын ж. б-ды түзгөн. 1944-ж. СССР ИАда кристаллография боюнча көрүнүктүү эмгектерге 3 жылда бир берилүүчү E. С. Фёдоров атындагы сыйлык уюштурулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4