Ф. Скотт Фитцжералд

Википедия дан
Фрэнсиз Скотт Фитцжералд (1937).

Фрэнсиз Скотт Ки Фитцжералд (англ. Francis Scott Key Fitzgerald; 1896-жылы 24-сентябрда туулган - 1940-жылы 21-декабрда каза болгон) - Ф.Скотт Фитцжералд деген ат менен белгилүү. Фитцжералд - джаз доорун сүрөттөгөн америкалык роман жана аңгеме жазуучусу. Тирүү кезинде ал чоң ийгилик жарата албаса да , учурда Фитцжералд 20-кылымдагы америкалык эң мыкты жазуучулардын бири деп эсептелинет. Фитцжералд 1920-жылдагы "Жоготулган муундун" мүчөсү болуп саналат. Ал "Бейиштин аркы тарабы" (англ. This Side of Paradise), "Сулуу жана каргышталган" (англ. The Beautiful and Damned), "Улуу Гетсби" (англ. The Great Gatsby), "Мээримдүү түн" (англ. Tender Is the Night) сыяктуу төрт роман жазган. Ал эми анын соңуна чейин чыгарылбаган бешинчи "Акыркы магнат" (англ. The Last Tycoon) аттуу романы ал каза болгондон кийин чыгарылган. Фитцжералд көзү бар кезде төрт аңгемелер топтомун жана журналдарда чыккан 164 аңгеменин автору болуп саналат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]