Хажиэминоглу Нежметтин

Википедия дан

Хажиэминоглу Нежметтин (1932-1996), түрк тилчиси, адабиятчысы, түрколог, фольклорчусу. Караханийлер доорунун, хорезмдин тилдеринин грамматикасын изилдеген окумуштуу. Орто кылымдардагы түрк дастандарын изилдеп, китептерин жарыялаган. Теги байыркы Хажи Эминзаделердин урпагы болгон Нежметтин Хажиэминоглу 1932-ж. Марашта (Кахраманмараш) жарык дүйнөгө келген. Атасы эрте каза болгондуктан, агасынын мойнуна үй бүлөнү багуу милдети түшөт. Турмуштун айынан Адана шаарына көчүп барат. Нежметтин алгачкы билимди Аданадан алат. Ошол кезде эле ал түрк адабиятына, тарыхына кызыга баштаган. Агасынын да тарыхка, адабиятка кызыгуусу үй-бүлөдө ар дайым кызыктуу талкууларды жарата турган. 1954-ж. мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, университетке тапшыруу үчүн Стамбулга келип, Стамбул университетинин адабият факултетинин түркология бөлүмүнө тапшырган. Университетти 1959-ж. бүтүргөндөн кийин бир аз убакыт Османийе лицейинде мугалим болуп иштейт. Андан соң, Стамбул университетине ассистент болуп кабыл алынат да, өмүрүнүн аягына чейин бул университетте иштеген. 1963-ж. “Кутбтун Ширин менен Хосровундагы тилдик өзгөчөлүктөр” аттуу докторлук (кандидаттык) ишин ийгиликтүү коргогон. Илимий иштер менен Парижге барып, ал жерде эки жыл бою илимий иштери менен алектенет. Ал жактан келгенден кийин аскердик милдетин өтөгөн. 1970-ж. “Түрк тилинде ыңгай” аттуу изилдөөсү менен доценттик даражаны алат. 1972-ж. Багдадга (Ирак) келип, Багдад университетинде “Түркология” сабагынан дарс окуйт. Нежметтин Хажиэминоглунун профессорлук даражага жетүүсү саясий оюндар менен коштолгон. Илимий кеңеш жана профессорлор кеңеши аны профессорлукка көрсөткөнүнө карабастан 1978-ж. Стамбул университетинин Сенаты тарабынан жокко чыгарылган. Анын себеби болуп 1971-1974-жж. Нежметтиндин улутчулдукту жактаган макалалары себеп болгон. 1979-ж. чейин Стамбул университетинде иштеген Нажиметтин улутчулдук макалалары гезит-журналдарга байма-бай чыгып турган. 1971-ж. 11-январда “Хергүн” журналына чыккан “Eşgüdüm Komutanları” аттуу макаласы үчүн Аскер Соту тарабынан кармалып, Селимиедеги 1-чи Аскер камагына алынган. Жазган макаласы үчүн 3 жылдан 9 жылга чейин камалып кетүү коркунучу бар эле. 1979-ж. 26-февралда сот тарабынан иши каралып, толук акталган. 1983-ж. Стамбул университетинендеги кызматынан алынып, 1985-ж. Фракия университетине жумушка орношот. Бул жерде табигый так илимдер жана гуманитардык факултетинде түрк тили жана адабияты бөлүмүн ачып, бөлүм башчылык кызматта иштеген. “Түрк тилинде этиштер структурасы”, “Караханид түркчөсүнүн грамматикасы” жана “Хорезм түркчөсү грамматикасы” аттуу эмгектери жарыкка чыккан. 1996-ж. каза болгон.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Lehçetü'l Hakâyık (Metin Neşri, 1962)
  2. Kutb'un Hüsrevü Şirin'i ye Dil Hususiyetleri (Doktora çalışması. İ.Ü Edebiyat Fakültesi Yayınlan. 1968)
  3. Türk Dilinde Edatlar (Doçentlik Çalışması, Milli Eğitim Bakanlığı Yay 1972)
  4. Milliyetçi Eğitim Sistemi (Töre-Devlet Yay. 1972)
  5. Türkçenin Karanlık Günleri (Töre-Devlet Yay. 1972,Türk Edebiyatı Vakfı Yay. 2006)
  6. Fuzulî (Toker Yay, 1972,Türk Edebiyatı Vakfı Yay. 2004)
  7. Milliyetçilik-Ülkücülük-Aydınlar (Töre-Devlet Yay. 1975)
  8. Türkiye'nin Çıkmazları (1975)
  9. Yeni Bir Dünya (Hikayeler) (Töre-Devlet-Yay-1976, Türk Edebiyatı Vakfı Yay. 2004)
  10. Karahanlı Türkçesi ve Grameri (Türk Dil Kurumu yayınlan 1996)
  11. Türk Dilinde Yapı Bakımından Fiiller (Kültür Bakanlığı Yay. 1992)
  12. Millet ve Aydınlar (Türk Edebiyatı Vakfı Yay. 2004)
  13. Edebiyat Tahlilleri (Türk Edebiyatı Vakfı Yay. 2004)
  14. Lehçetü'l Hakâyık (Metin Neşri, 1962)
  15. Кутбтун Ширин менен Хосровундагы тилдик өзгөчөлүктөр. 1968.
  16. Түрк тилинде предлог. 1972.
  17. Milliyetçi Eğitim Sistemi (Töre-Devlet Yay. 1972)
  18. Türkçenin Karanlık Günleri (Töre-Devlet Yay. 1972,Türk Edebiyatı Vakfı Yay. 2006) (которо албай койдум)
  19. Фузули. 1975.
  20. Улутчулдук-идеализм (үлкүчүлдүк)-Интеллегенция 1975.
  21. Жаңы бир дүйнө (аңгемелер). 1976.
  22. Караханид түркчөсүнүн грамматикасы.
  23. Хорезм түркчөсүнүн грамматикасы.
  24. Түрк тилинде этиштер структурасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015