Хайдеггер, Мартин

Wikipedia дан

Heidegger Martin.jpg Мартин Хайдеггер (1889—1976) — экзистенциализмдин негиз салуучусу. Экзистенциализм идеялары мурда эле Г. Марселдин, К. Ясперстин жана башкалардын эмгектеринде көтөрүлгөн болсо да, Хайдеггер «Бытие жана убакыт» (1927) деген монографиясында биринчи жолу философияда экзистенциалисттик мамиленин негизги принциптерин системалуу түрдө баяндоого аракет жасайт. Бул китептен башка да, Хайдеггер төмөнкүлөрдү жазган: «Кант жана метафизика проблемалары» (1929), «Метафизика деген эмне?» (1930), «Метафизикага кириш сөз» (1935), «Платондун акыйкат жөнүндө окуусу» (1942), «Жалгыз аяк жалган жолдор» (1950), «Ницше» (1961, 2 томдук) ж.б. Хайдеггер Германияда Баденде туулган. Ал философияны Фрейбург университетинде окуп үйрөнөт, анда 1916-жылдан 1929-жылга чейин Гуссерль сабак берет. Марбургда профессор болот, андан кийин 1928-жылы Фрейбургга кайтып келет да, нацисстер менен байланышынын аркасында 1933-жылы бул университеттин ректору болот. Инаугурациялык сөзүндө ал национал-социализмди жигерлүү мактап, өзүн нацисттик кыймыл менен ачык эле байланыштырат жана азыркы саясаттын тилин өзүнүн философиялык тили менен бириктирүүнү коргойт. Бирок, он айдан кийин отставкага чыгат да, саясаттагы активдүү иш-аракеттен кетет. 1966-жылы сентярбде «Шпигель» газетасына берген интервьюсунда Хайдеггер ага каршы отуз жылдан ашык убакыт бою айтылып келген жемеге жооп берет, бирок бул интервьюну басып чыгарууга тыюу салынып, ал Хайдеггер өлгөндөн кийин беш күн өткөндө 1976-жылы 5-майда гана жарыяланат. Бул интервьюсунда Хайдеггер герман университетинин өз алдынчалыгын сактоого үмүттөнгөнүн, бирок ага «кээ бир компромисстерсиз муну иштөөгө мүмкүн болбогонун» айтат. Ошол кезде, ал, ошондой эле өзү национал-социализмден «недир бир жаңы нерсенин бар экенин, жылт эткен бир жаңылыктын бар экенин» көргөнүн да айтат. 1933- жылы ал студенттерге: «Өзүңөрдүн жашоо-турмушуңарга доктриналардын жана идеялардын үстөмдүк кылышына жол бербегиле. Фюрердин өзү жана жалгыз ошол гана Германиянын жана аны башкаруунун бүгүнкүсү да, келечеги да болуп саналат» деген өтүнүч менен кайрылат. Интервьюда ал мындай дейт: «Бүгүн мен сиз цитата келтирген сөздөрдү жазбас элем. А түгүл 1934-жылы да мындай нерселерди айтпас элем». Мүмкүн, Хайдеггердин позициясы, анын технологиялык коомдогу маданиятка каршы тенденциядан корккондугу жана нацисттерден эски маданиятты жана бул маселеде Германиянын миссиясын бекемдөөгө умтулган адамдарды көргөндүгү менен түшүндүрүлөр. Балаа басып, аны нацизмди кабыл алууга алып келген түпкү позиция,— нацизм Хайдеггер көздөгөн максатты таптакыр көздөбөй турганын билгенге чейин,— анын кийинки эмгектеринде да кала берген. Хайдеггер өзүнүн философиясын Бытиени изилдөө катарында көрсөтөт. Аны экзистенциалист деп эсептешет, бирок ал өзү мындай байланышты танып, инсандык жашоо-турмуш эмес, дал Бытиенин өзү ал кызыккан башкы маселе экенин айтат. Анын эмгеги негизинен таң каларлык фактынын чордонунда жаткан жана «нерселер бар болуп жашап турат» дегенди билдирген маанинин айрым бир кырын издөөгө багытталган. Ал Кьеркегорго жана өзүнүн окутуучусу — Эдмунд Гуссерлиге көп жагынан милдеттүү. Өз кезегинде Хайдеггер Сартрга чоң таасир көрсөткөн. Хайдеггер адам затынын жашоо-турмуш ыгын сүрөттөп жазуу үчүн Оазет (бытие) терминин колдонот жана адамдын жашоо-турмушу жашоонун башка формаларынан радикалдуу айырмаланат, анткени ал өзүн өзү таанын-билүүгө жана өз жашоо-турмушу жөнүндө ой жүгүртүүгө жөндөмдүү келет дейт. Адамдар, дейт ал, дүйнөдөгү өз абалын толук түшүнүп, чыныгы жашоо-турмушту тандап ала алат, же орнотулган тартиптер менен үлгүлөргө ойлонбой эле ылайыкташып алып, автоматка окшоп күн өткөрө турган чыныгы эмес жашоо-турмушту тандап ала алат. Анын «Бытие жана убакыт» деген башкы эмгеги 1927-жылы жарыяланат. Бул чыгармасында ал адамдын жашоо-турмушун талдап чыгып, аны бытиенин өзүн түшүнүүгө карай жол катарында карайт. Анын усулу Гуссерлиден кабыл алган феноменология болуп саналат. Анын максаты күнүмдүк тажрыйбанын маалыматтарын, аларды эч кандай аныктоочу түшүнүктөр менен жабдыбай эле жөн гана ал кандай болсо ошондой түрүндө көрсөтүп жана сүрөттөп жазуу болуп саналат. Феноменологиялык көз караштан алганда дүйнө дегенибиз биз жашап жана иштеп жаткан абал, ал биздин турмушубузду аныктап, уюштуруп турат. Мүмкүн биз «дүйнөдөгү жанбыз», ал эми Эазет — биздин адамдык реалдуулугубуз же жашоо ыгыбыз — биз жашоо-турмушубузду өткөрө турган көптөгөн жолдор болуп саналат. Бул демек «бир нерсени иштеп, бир нерсени өндүрүп, бир нерсеге көңүл буруп, бир нерсеге көз салып, бир нерсени пайдаланып, бир нерседен баш тартып, бир нерсеге мүмкүндүк берип, бир нерсени колдоп, кошо жүрүп, ачып, ачууланып, ой жүгүртүп, талкуулап, аныктай» отуруп турмуш өткөрүү дегенди билдирет. Хайдеггер дүйнө менен «кагылышуу» жөнүндө жана дүйнөнү баалоо катарында биздин дүйнө менен кагылышууга туш кылчу «маанай» жөнүндө жазат. Биз дүйнөдө жашап, өз жашоо-турмушубуздун келечегин ишке ашырабыз, адамдын дүйнөнү өздөштүргөнүн пайдаланабыз, дүйнөдө жашап турган адам тушукчу ситуацияны өз учурунда байкап, бир нерсени жасоого аракеттенет, окуялардын шары менен кете бербей өзү күн мурдатан ойлогон ишти иштейт. Бирок дүйнөнүн турмушу менен болгон мындай тыкыс байланыш адамдын өзүн өзү ишке ашыруусу менен дүйнө да «алар» ишке ашырып жаткан ойлонбогон (бездумной) коллективдүү практиканын ортосунда кыйынчылыкты пайда кылат. Мен күнүмдүк жашоо-турмуштун көнүмүш адат жана шарттуулуктарына баш ийип, орто заар, демейки жана көп учурда сандырак нерселерге ылайыкташып, башкалар пайдалана турган деперсоналдашкан обьект боло аламын. Хайдеггер мындай адамды «анонимдүү жан», өзүнүн «Мен-инен» ажыратылган адам, өзүнүн чыныгы, анык адамдык сапаттары жоктугунан жабыркаган недир бир жан катарында сүрөттөйт. Бирок, кеп, эгер мен чыныгы адам болсом мен өзүмдү сөзсүз эле жөнөкөй эмес же таңкалаарлык түрдө алып жүрө аларымда эмес, тескерисинче, менин иш-аракетим, алар таң каларлык же адаттагы эле көнүмүш иш-аракет экендигине карабастан, тышкы факторлордун таасири астында эмес, менин өзүмдүн жүрүш-турушума байланыштуу болгондугунда. Хайдеггер адам бытиесинин үстөмөндүү позициясын сүрөттөп жазуу үчүн «камкордук» терминин колдонот. Адам, мындай айтканда, мурда эле жашап турган дүйнөдө «кароосуз» калган жан, ушул себептүү ал өзү үчүн өзү жоопкер болууга тийиш. Ал өзү жашап турган дүйнөдө кызыкчылык менен жашап, күн өткөрөт. Ошентип, камкордук дегенибиз бул биз тапкан, пайдаланган же биз байланышкан бардык нерселер менен болгон биздин чексиз өз ара аракеттерибизди аныктайт. Бул биздин «өмүрдү өтөө» ыгыбыздын структурасы, адам бытиесинин активдүү мамилеси, аныктоочу жана зарыл шарты — Оазет. «Камкордук» түшүнүгү «тынчсыздануу» же «коркуу» түшүнүгү менен тыкыс байланыштуу, бул экзистенциалдык философияда үстөм тема болуп саналат. Кьеркегор сыяктуу эле Хайдеггер «тынчсызданууну» жана «коркууну» айырмалап, коркунуч кандайдыр бир обьектиден корккондо пайда болот, ал эми тынчсызданган адам, белгисиз бир коркунучтан улам тынчсызданат деп көрсөтөт. Тынчсыздануу дүйнө бытиесин тааныгандык болуп саналат. Ал бытиенин сөзсүз бар болуп турушун жана анын толук маанисиздигин сезүүдөн кутула албагандык катарында туюлат. Бул тынчсыздануу адамды өзүнүн жеке керт башынын жашоо максатын ачык түшүнүүгө, мындан башка да анын өзү үчүн келечекте боло турган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө ой жүгүртүүгө мажбурлайт. Ошентип, камкордук ушул бир бүтүн кабылдоону мүнөздөйт: анын азыркы кырдаал менен да, адамдын алдында ачылып турган келечек менен да, жана ал өзү башка адамдар жана нерселер менен байланышып турган ыктар менен иши болот. Адамдар, дейт Хайдеггер, өзүлөрүнүн эркиндигинен жана жоопкерчилигинен дайыма тескери бурулуп, рефлективдүү коллективдүү жашоо-турмуштун анонимдүүлүгүнө далдалангысы келет. Бул да Оазет деп аталган сөзсүз болбой койбой турган кырдаалдын өзү: биз жамаатчылыктын бир бөлүгү катарында гана жашабай, обочолонуп турган индивид катарында да жашайбыз. Жашоонун ушул эки ыгы тең дүйнөдө бытиенин адамдык жолун аныктайт. Алар бытиенин универсал структурасы болуп саналат. Тынчсыздануу же коркунуу баштан кечирүү биз өзүбүздү өзүбүздүн тандап алуубуздан көрүнөт. Бул тынчсыздануу ошондой эле бизге ушул чексиз тандоонун болуп жаткандыгы үчүн жоопкерчиликтен кутула ала турган убакта да көрүнөт. Адамдын өлүмү — чыныгы жашоонун ачкычы дейт Хайдеггер. Өлүм бардык нерсени маанисиздикке айландырарын жана бардык мүмкүнчүлүктөрдү жок кыларын таануу менен биз, дейт ал, же бул фактыга карама-каршы тура алабыз, же андан безип кете алабыз деген корутундуга келе алабыз. Муну толук кабыл алуу — дүйнө турмушун четке кагуу дегендик эмес, жөн гана дүйнөнүн иш-аракетин өлүм билиминин контекстинин өз ичинен көрүү жана алдында эч кандай максат болбогон жана андан кийин да эч нерсе болбой турган жашоо-турмуштун сандырактыгына карама-каршы туруу дегенди билдирет. Дал ушул түшүнүк адамды өзүнүн жашоо-турмушу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга мажбурлай алат. Хайдеггер чыныгы жашоо-турмуш моралдык жактан чыныгы эмес, жасалма жашоо-турмуштан артыкчылык кылат деп ырастагысы келбейт. Анын ою адам Оазет структурасын түзөт жана ал муну Бытиени бирбүтүн нерсе катарында түшүнүү үчүн иштейт дегенде турат. Бул убактылуу мүнөзгө ээ болгон жекече жашоону бирбүтүндүк менен байланыштырып турган нерсе, анткени инсан убакыт ченеминде жашап турган жөн гана кимдир бирөө эмес, бирок ал убактылуу жашай турган жан, б.а. өткөндөгүсү, бүгүнкүсү жана келечеги бар жан, булар түбөлүк өз ара аракетте болуп, кайра кайталанып жаралып, жеке жашоону түзүп турат. Жашоонун убакыттан турган структурасы — өздүк аң-сезимдин жана аракеттин шарты, ошондой эле эмне үчүн бул бытие бирбүтүн катарында жашап турат деп суроо берүүгө боло турган, чоң дүйнөнү жана бардык бар болуп тургандарды постулаттоого жөндөмдүү келген бытиенин шарты. Хайдеггердин чыгармалары өтө эле татаал тил менен жазылгандыктан түшүнүү кыйын. Кеп, анын абстрактуу маселелерге сүңгүп кирүүгө умтулгандыгында эле эмес, кеп ошондой эле ал тилди өзгөчө бир жол менен пайдаланып, жеке өзүнүн сөздүгүн түзгөндүгүндө жана жаңы курамдык сөздөрдү түзүү үчүн немец тилинин жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга умтулгандыгында. Тактоочторду, предлогдорду, байламталарды, ат атоочторду Хайдеггер зат атоочторго айландырат. Семантикалык өзгөрүүлөрдүн узак тарыхын башынан өткөргөн сөздөр алардын эски маанисинде колдонулат. Специализацияланган идиомалар алар демейде колдонула турган чектерди алда канча кеңейтүү менен жалпыланат. Тамаша ирээтинде бура айтылуучу сөздөр да жалпы кабыл алынып жүргөндөн башкача түрдө чыгат жана көп учурда башкы сөз бир нече мааниде, ырааты менен же бир эле убакта пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]