Хакас-Минусин ойдуңундагы «кыргыз» жер-суу аттары

Википедия дан

Хакас-Минусин ойдуңундагы «кыргыз» жер-суу аттары - Топонимиялык (жер-суу) аталыштары маанилүү, тарыхый даректүү маалымат боло алат.

Аталган аймакта байыркы жана орто кылымдар доорлорунда кыргыздар калтырган жер-суу аттары жыш кездешет. Орто кылымдарда кыргыздар иштеткен эгин талаалары - «хыргыс тарлаглары», «кыргыз тегирмендери» деп аталат. Кыргыздар балыкты «суг хурты» (кыргыз тилинде – суу курту) деп, иренжип жешчү эмес. Бул жерде талаа маданиятындагы көчмөндөр аңчылык жана балыкчылыкты кесип туткан токой элдеринен айырмаланып турат. Ошол балыктан (суу хурты) арылуу максатында курулган суу арыктары бүгүнкү күнү да «хыргыс кообы» деп аталып келет.

Кыргыздар темир кенин иштеткен жерлер - «хыргыс узанган чир», атайын кыналып салынган таш жол - «хыргыс чолы», жез тыйындар - «хыргыс ахчазы» ж.б. деп аталып келет. Мындан сырткары, хакастарда «хыргыстын хыргычы» - «кыргыз эрдиги» деген сөз айтылары маалым. Ал эми монгол тилдүү элдерде «хыргыс» сөзү «каардуу», «жаалдуу» деген маанини билдирет.

Жогорудагы фактыларга 19-к. белгилүү хакас окумуштуусу, профессор Н.Ф.Катановдун: «Менин бабаларым чыккан сагай уруусу кара кыргыз аттуу түрк элинин урпактары болот» - деп жазганын мисал катары келтирүүгө болот.Төмөндө Минусин (Мөңгү-Суг) ойдуңундагы кыргыздарга таандык жер-суу аттары боюнча маалыматтар берилет:

  • - Хыргыс - Хакасиянын Орусияга бириктирилишине чейинки аталышы;
  • - Хыргыс аргылары - Уйбат жана Бидна дарыяларына улап салынган байыркы кыргыз каналдары;
  • - Хыргыс аргычагы - Аскиз аймагындагы Ары-Таг тоосунун жанындагы байыркы суу аккан кыргыз арыгы;
  • - Хыргыс ахчалыг хыр - (кыргыз тыйындары табылган дөбөлөр)
  • - Ак Июс дарясына жакын жердеги жез тыйындар табылган дөбөлөр;
  • - Хыргыс көдреси (Кыргыз сазы) - тарыхый фольклордун маалыматтарында Ус дарыясына жамаатташ аталган аймактарда кыргыздар мекендешкен. Кыргыздар түштүккө ооп кетишкенден соң, бүгүнкү күнгө чейин да кыргыз жылкыларынын кишенегендери угулуп турат имиш;
  • - Хыргыс көшкен хол - (Кыргыздар көчүп өткөн бел) – Мрасу дарыясынан Кобырза дарыясынын чатына чейинки тоонун бели. Санжыралык маалыматтар 1703-ж. Жунгарияга кыргыздар аталган бел аркылуу зордоп көчүрүлгөн;
  • - Хыргыс көлү (Кыргыз-Көл) - Чулум дарыясына жакын жайгашкан көл. Минусинден келген кыргыздар аталган көлдүн жанында кыштымдардан салык жыйнашчу;
  • - Хыргыс Кообы (Кыргыз-Арык) - Бейка дарыясына туташ салынган байыркы кыргыз каналы;
  • - Хыргыс орамнары (Кыргыз көчөлөрү) - Табат, Kapa Июс дарыяларынын ойдуңуна курулган орто кылымдардагы кыргыздар тарабынан салынган дөбө жана аң түрүндөгү атайын курулган коргонуу чектери.
  • - Хыргыс Пили (Кыргыз-Бел) - Боже дарыясына чукул орун алган ашуу;

- Хыргыс-Суг (Кыргыз-Cyy):

       	* 1. Кичи Абакан дарыясынын куймасы. Бул суу Она дарыясынан агып чыгат. Бул жерде аң уулаган хакастарды алтайлыктар азыр да кыргыздар деп аташат.
       	* 2. Енисейдин сол куймасы Кыргыс суг деп аталат.
       	* 3. Хол дарыясынын оң куймасы;

- Хыргыс сөөктери («Кыргыз бейиттери») - кыргыздар калтырган көрүстөн-эстеликтер окумуштуулардын далилдөөлөрүндө Хакас-Минусин ойдуңунун он эки жеринен табылган. Бул эстеликтерди хакастар. «кыргыз жоокерлеринин бейиттери» - деп атап келишери маалым;

  • - Хыргыс сыххан чол («Кыргыздар чыккан жол») – Кобырза дарыясынын жогорку агымындагы Хакасиядан Шорияга ашып өтчү жол (Таштып аймагы);
  • - Хыргыс сынрады («Кыргыз көрүстөндөрү»); «кыргыз көрүстөндөрү» деп аталган эстеликтер Минусин ойдуңуна байланыштуу алты ирет эскерилет;
  • - Хыргыстар аалы («Кыргыздар айылы»); Бул ат менен Абакан, Ниня дарыяларынын ойдуңунда жайгашкан үч айыл белгилүү;
  • - Хыргыс тогынган чир («кыргыз өндүрүшү жайгашкан жер»)
  • - Июс дарыясынын аймагында көп сандаган күл дөбөлөр, көмүр табылган. Тарыхый булактар бул жерде кыргыздар темир иштетишкендигин баяндайт.
  • - Хыргыс узанган жер («Кыргыз устаканалары») - Тея дарыясынын өрөөнү;
  • - Хыргыз хара суг (Кыргыз булактары) - Көксө дарысынын өрөөнү;

- Хыргыс чолы (кыргыз жолу):

       	* 1. Базин Бейка дарыясына туташ казылган байыркы канал.
       	* 2. Камышта дарыясына жакын жердеги байыркы канал.
       	* 3. Аскиз дарыясынын оң жээк тарабында казылган байыркы кыргыздардын сугат каналы. Бул канал Харахач тоосуна чейин жеткирилген. 20-к. баш чендеринде ушул каналдын нугуна жаңыдан сугат системасы салынган. 

Бул сугат каналдын курулушу байыркы кыргыздардан жогорку геодезиялык жана арифметикалык тактыкты, табигый илим-билимдин болушун талап кылгандыгы көрүнүп турат.

  • - Хыргыс Чул («Кыргыз өзөндөрү»). Минусин ойдуңунда жогорудагыдай ат менен алты өзөн белгилүү;

- Хырхыс чазы («Кыргыз талаасы»).

       	* 1. Абакан дарыясы аркылуу Тея жана Аскиз дарыяларынын куймаларына чейинки аймактын аталышы;
       	* 2. Боже (Тигир-Көл) көлүнүн айланасындагы түздүктүн аталышы;

- Хыргыс чурты (Кыргыз журту).

       	* 1. Рейнголь көлүнүн жанындагы жердин аталышы;
       	*  . Уйбат дарыясынан Капчалыга чейинки жердин аталышы ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.