Хакас-кыргыздар

Википедия дан

Хакас-кыргыздар. Хакастардын курамындагы «хыргыс» сөөктөрү (уруктары) эң көрүнүктүү, тектүү уруу катары маалым. Эгерде, хакастарда жалпысынан 1200 фамилия белгилүү болсо, «хыргыс» сөөгү алардын 5%ин түзгөн. 17–18-кылымдарда Хакас-Минуса ойдуңунун калкы негизинен социалдык эки чоң топко бөлүнгөн: кашка сөөктөр (ак сөөк уруу, эл) катмарына кыргыздар, кара сөөк (боз сөөктөр, тексиз уруулар) катмарына кыргыздарга салык төлөгөн көзкаранды уруулар, этностук топтор – кыштымдар кирген.

Нили дарыясынын өрөөнүндө «хыргыс» сөөгүнүн колдоочусу катары эсептелген «Иней тас» деген чулу таштар болгон. Бул уруктун өкүлдөрү жыл сайын, июнь айында бул жерге түлөө өткөрүшүп, сыйынышчу. Уламыштар «Иней тасты» кыргыздардын ташка айланып калган түпкү энеси катары баяндайт. «Хыр хыс» – ак буурул чачы бар кызды аныктайт. «Хыргыс» этноними хакас-тардын ири урууларынын кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]