Хакер

Wikipedia дан

Хакер — компьютер системин бузуу үчүн уруксатсыз кирген адам.
Хакерлер системдерге модем аркылуу колдонуучудай катталып, уруксатсыз кирип алышат. Алар иштетүү системинин каражаттарын пайдаланбастан туруп, системдик програмдарды, драйверлерди, компьютердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануучу програмдарды иштеп чыгууга жөндөмдүү програмчылар болушат. Демейде ал компьютердик системдин документтелбеген кызматтарын кылдат билген адам. Алардын айрымдары вирус жана системдерди бузуучу програмдарды жазса, айрымдары антивирустук жана башка програмдарды жазышат. Айрым карасанатайлар компьютерге киргендигин билгизип жөн гана кабар же берилиштерди өзгөртүү сыяктуу далилдерди таштап коюшат.Учурда хакерлердин айрымдары башка мамлекеттин аскердик сайттарына дагы кирип кетүү менен адамзатка коркунуш туудурууда.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]