Халеб

Википедия дан

Халеб, Алeппо (антика доорунда Беройя)Сириянын түндүк-батышындагы шаар. Халеб мухафазасынын адм. борбору.

Калкы 1,7 млн (2010; агломерациясы менен 3,5 млн). Текстиль, булгаары, химиялык, тамак-аш, фармацевтика, электротехника ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет, тарыхый-маданий эстеликтер, музейлер, амфитеатр ж. б. бар. Цитадель (12-13-кылымдын башы), шаар дубалдары жана дарбазаларынын фрагменттери (14-16-кылымдын башы), Чоң мечит (8, 12 жана 13-к.), мечит-медресе (12-13-к.) ж. б. сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү 1986-ж. Вуткүл дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4