Халхалар

Википедия дан

Халхалар. Халха-монголдор. Монгол Эл Республикасынын негизги калкы. Саны 2 млн. ашуун. Негизинен өлкөнүн борбор, түштүк, чыгыш аймактарын байырлашат.

Монгол тилдеринин диалектилеринин биринде сүйлөшөт. МЭРдин расмий иш кагаздары, адабий китептер, газет-журналдар халха диалектилеринде жүргүзүлөт жана басылат. Диний ишенимдери будда-ламаисттер. «Халха» этноними «калкан» (орусча «щит») маанисин туюнтуп, түндүк аймакты байырлаган, чек арага чукул жайгашкан монгол урууларына берилген ат (экзоэтноним) болгон. Андан соң бул ат этноним катары калыптанган. Халхалардын калыптанышына орто кылымдардагы монгол, түрк, тангут, кыргыз ж.б. этнокомпоненттер катышкан. Халха-монголордун этностук курамында кыргыз уруу-урук аталыштарынын бир топ сандагы параллелдери кездешери иликтенген. Мисалы, нойгут, барга, катаган, коңурат, мергет, кереет (херээт)ж.б.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.