Хандуев Цырен Цыбекясапович

Википедия дан

Хандуев Цырен Цыбекясапович (17. 8. 1918, азыркы Бурятия, Жидин району, Дырестуй кыш. - өнөр жай б., Фрунзе) - ветеринария илимдин доктору (1962), проф. (1963).

Кыргыз ССР ИАнын акад. (1994), корр. мүчөсү (1984), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972), Кыргыз ССРинин илимге эмгеги сиңирген ишмери (1978). Советтик Армиянын Аскер-вет. институтун бүтүргөн (1948). 1939-66-ж. армияда кызмат өтөгөн. 1966-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Биохимия жана физиология институтунда лабор. башчы. 1989-жылдан ошол эле институтта илимий кеңешчи болгон. Ткань культурасы жана вирусология боюнча адис. Эмгектери вирустарды жана риккетсияларды люминесцент-микроскоптук изилдөө ыкмаларына, койдун жугуштуу эктимасындагы вирусту нейтралдоочу антитело, ткань културасы жана аны вет. вирусологияда колдонуу маселелерине ж. б. арналган. Койдун жугуштуу эктимасына каршы вирус-вакцинаны иштеп чыккан. 130дан ашык эмгеги, а. и. 6 монографиянын, 8 ойлоп табуулардын жана 4 патенттин автору. Улуу Ата Мекендик Согуш, «Ардак Белгиси», Элдердин Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4