Хантер С. Томпсон

Википедия дан
Хантер С. Томпсон (1989).

Хантер Стоктон Томпсон (англ. Hunter Stockton Thompson; 1937-жыл 18-июль — 2005-жыл 20-февраль) — америкалык журналист, жазуучу болгон жана гонзо журналистика кыймылын негиздеген. Кентуккинин Луисвилл жергесинде орто чарбалуу үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген Томпсон атасынын өлүмүнөн кийин үй-бүлөсү жакырчылыкка кептелип, оор жаштык күндөрдү баштан өткөргөн. Ал талап-тоноочулукка катышканы үчүн 60 күнгө камалганына байланыштуу жогорку мектепти расмий түрдө бүтүрө алган эмес. Ал журналистикага аралашканга чейин АКШнын аскердик аба күчтөрүнө кошулган. Ал 1960-жылы Колорадонун Аспенине отурукташканга чейин болсо Калифорнияга, Пуэрто Рикого жана Бразилияга чектөөлөр менен болсо да көп жолу саякаттап келген.

Томпсон эл аралык деңгээлде "Тозоктун периштелери" (анг. Hell's Angels: The Strange and Terrible Saga of the Outlaw Motorcycle Gangs, 1967-жыл) чыгармасы жарык көрөөрү менен белгилүү болгон. Китепти жазыш үчүн ал бир жыл Периштелер тобу менен жашап, чогуу мотоцикл айдап, алардын жашоосун баштан өткөрүп, алардын окуясын өз ооздорунан угуп изилдөө жүргүзгөн. Мурда салыштырмалуу түрдө салттык журналист болуп жүргөн Томпсон 1970-жылдагы "Кентуки дербиси урап баратат жана коррупцияга малынган" макаласы менен маданиятка каршы фигурага айланган. Өзүнүн "Гонзо" деген аталыштагы Жаңы журналистика брэндин негиздеген. Ага ылайык, кабарчылар өздөрү да окуяга аралашып кеткендиктен натыйжада өз окуяларынын башкы каарманына айланып калышат. Ал "Лас-Весгастагы коркуу жана жийиркенүү: америкалык кыялдын борборуна карай маданиятсыз саякат" (англ. Fear and Loathing in Las Vegas: A Savage Journey to the Heart of the American Dream) аттуу эмгеги менен белгилүү болуп калган. Бул чыгарма 1960-жылдардагы маданиятка каршы кыймылдын ишке ашпай калышы тууралуу ой жүгүртүү болуп саналат. Ал биринчи жолу Rolling Stone журналында сериал катары чыккан. Аталган журнал менен Томпсон узак жылдар бою байланышта болуп турган. Ал кийин тасмага айланып, анда Жонни Депп менен Бенисио дел Торо тартылышкан жана Терри Гиллиам тасмага 1998-жылы режиссерлук кылган.

Саясий ойлуу Томпсон Колорадонун Питкин аймагына шериф болуп барып, бул кадамы ийгиликсиз аяктаган. Ал Ричард Никсонду тамыр алган жек көрүүсү менен таанымал. Анын оюнча, Никсон "Американын караңгы, паракорчулукка малынган, айыкпас зордук-зомбулугун" туюнтат жана Никсонду "72-үгүт иштериндеги коркуу жана жийиркенүү" (анг. Fear and Loathing on the Campaign Trail '72) чыгармасында мүнөздөгөн. Томпсондун салымы 1970-жылдардын ортосунан тартып бир топ эле солгундай баштаган. Ал кезде Томпсон белгилүүлүктүн натыйжасы менен күрөшүп жүргөн. Ал оңой эле таанылып калгандыктан иш-чаралардан материалдарды даярдай албай калганын айтып нааразы болгон. Ошондой эле, ал өмүр бою алкоголдук ичимдиктерди, мыйзамсыз дары-дармектерди пайдаланганы, курал-жарактарга болгон сүйүүсү жана авторитарианизмге карата салттуу ишенимге каршы багытталган жек көрүүсү менен да белгилүү болгон. Ал "Мен дары-дармектерди, алкоголду, зордук-зомбулукту, же кимдир бирөөнүн келесоо экенин колдоону жек көрөм, бирок алар ар дайым мен үчүн иштеп келишкен" деп белгилеген.

Ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдөн кийин Томпсон 67 жашында өз жанын кыйган. Томпсондун өтүнүчүнө ылайык, анын күлү замбиректен атылган. Иш-чара анын досу Жонни Депп тарабынан каржыланып, аземге достору, ошол кездеги сенатор Жон Керри жана Жек Николсон катышышкан. Хари Кунзру "Томпсондун чыныгы үнү Американын адеп-ахлакчысы катары чыккан ... ал өз айланасындагы жагымсыздыкты көрсөтүш үчүн өзүн түрү суук кылып көрсөткөн" деп жазган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]