Хань Фей

Википедия дан

Хань Фэй, Хань Фэй-цзы (б. з. ч. 280–233-ж.) байыркы кытай ойчулу. Легизм мектебинин окууларын системалаштырган. Сюнь-цзынын шакирти. «Хань фэй-цзы» (Х. ф-дин устатынын трактаты) аттуу чыгарманы жараткан. Үч легистик агымдын көз караштарын «Фа» Шан Яндын мыйзамдардын жардамы менен башкаруу принцибин, «Ши» Нэнь Даонун бийлик, күч» бедел (авторитет) принцибин жана «Шу» Шэнь Бухайдын бийлик чеберчилиги анын ыкмасы жана башкаруу принцибин бириктирип (синтездеп) жалпы бир теорияны иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9