Хара - Балгас шаар чалдыбары

Википедия дан

Хара – Балгас шаар чалдыбары, Карабалгасун, Ордубалык – 8–9-кылымдагы Уйгур кагандыгынын борбору; Моңголиядагы шаар калдыгы. Орхон дарыясынын сол жээк тарабында жайгашкан. 840-жылы Енисей кыргыздарынын каганынын буйругу менен Ордубалык («шаарлардын борбору, байтактысы») талкаланып, өрттөлгөн. 1949-жылы С. В. Киселев жетектеген тарыхый–этнографиялык топ изилдеп, сарай, храм комплексин, шаардыктардын турак-жайларынын чалдыбарын ачкан. Металл, чопо жана таш буюмдар табылган. Калкы кол өнөрчүлүк, соода менен кесип кылган


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]