Мазмунга өтүү

Хемилюминесценция

Википедия — ачык энциклопедия

Хемилюминесценция — химиялык реакция энергиясынын эсебинен келип чыгуучу жаркыроо. Ал реакция продуктуларынан чыгат. Хемилюминесценциянын өзгөчө учуру — биолюминесценция. Ал кээ бир тирүү организмдер органдарынын жаркырашы люциферин деп аталуучу спецификалык заттар абадагы кычкылтек менен ферментативдик окистенишинин натыйжасында дүүлүккөндө пайда болот. Газдарда хемилюминесценция бош радикалдар жана атомдор катышкан экзотермиялык реакцияларда байкалат. Мисалы, NO + O ® NO2 (электрондук дүүлүгүү). Хемилюминесценциянын интенсивдүүлүгү реакциянын ылдамдыгына жана хемилюминесценция чыгышына пропорционалдуу. Хемилюминесценциялуу молекулалар түзүлүшүн, энергиянын, реакция продуктуларына бөлүнүшүн, реакция ылдамдыгын изилдөөгө мүмкүндүк берет.

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6