Хемосинтез

Википедия дан

Хемосинтез - кээ бир бактериялардын органикалык эмес заттарды кычкылдандырып, андан пайда болгон энергиянын жардамы аркылуу көмүр кычкыл газынан жана суудан органикалык заттарды түзүү процессин, кеңири белгилүү өкүлдөрү азот топтоочу жана түссүз күкүрт бактериялары болуп эсептелет.

Алар аммиакты нитритке, айрымдары нитритти нитратка, кээ бири күкүрттүү суутекти күкүрткө ж. б-ды кычкылдандырып, өзүнө белгилүү өлчөмдө энергия топтойт. Хемосинтез жарык энергиясын эмес, кычкылдануу - калыбына келүү реакциясынан алынган энергияны сарп кылуу менен фотосинтезден айырмаланат. Хемосинтез бактериялары топуракты нитраттарга байытып, жердин асылдуулугун камсыз кылат. Күкүрт бактериялары деңиздерде көп жыйналуучу, жашоо үчүн жараксыз күкүрттүү суутекти кычкылдандырып. зыянсыз формата айландырып турат. Жалпысынан Хемосинтез түзүлүшү фотосинтез менен бирдикте табиятты органикалык заттар менен байытууда зор мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.